Электр станциялары ААКнын энергожабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев

Мамыралиев: электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатат

273
(жаңыланган 17:05 16.10.2020)
"Электр станциялары" ААКнын энергожабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев мекеме тарабынан пландалган оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Мамыралиев: электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатат

Кышка карата тийиштүү даярдыктар көрүлдү. Өлкөдө канча электр энергиясы талап кылынса, ошончо өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Улукбек Мамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 10-ноябрга чейин Казакстанга мурда берилген 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын кайра кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Токтогулдагы абал: кышында электр кубатынан кыйналбайбызбы? Эксперттик пикир

"Бардык утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мисалга алсак, ГЭСтерде эки гидроагрегат капиталдык ремонттон өттү. Андан тышкары, жабдыктардын баары оңдолду. Борбор калаадагы ЖЭБдин буу казандарында пландаштырылган ремонттор жүрдү. Натыйжада калк канча электр энергия колдонсо, ошончо чыгарууга даярдыктар көрүлдү. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард кубду түзөт. Өткөн жылы бул көрсөткүч 17,2 миллард куб болчу. Быйыл суунун аз болуп калганына табигый фактор себеп болду. Тактап айтканда, суунун көлөмү мөңгүлөрдүн эришинен, май-июль айларындагы күндүн ысышынан көз каранды. Учурда суу сактагычта турган суу калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого жетет. Эгерде кандайдыр бир себептерден электр энергияны колдонуу көбөйүп калса деп, Казакстандан 500 миллион киловат-саат импорттоо боюнча макулдашуу аракеттери көрүлүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жылы ушул убакка карата электр кубатын колдонуу 32 миллион болсо, быйыл күн суугураак болгондуктан 42 миллионго чейин жетип жатат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жаткандыктан Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча долбоордун 2-фазасы иштелип чыкмак. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу бул багыттагы иштер бир аз солгундап калды. Мындан тышкары, Ат-Башы, Үч-Коргон, Камбар-Ата ГЭСтеринде кубаттуулукту жогорулатуу үчүн реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер аяктаса, кубаттуулук дагы да жогорулайт", — деди Мамыралиев.

Ошондой эле ал жалпысынан 1 миллион 100 миң тонна көмүр сатып алуу пландалганын белгилеп, иштер өз мөөнөтү менен жүрүп жатканын кошумчалады.

273
Белгилер:
жылуулук, ГЭС, электр энергиясы
Тема боюнча
Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков

Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

40
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков аталган мекеменин максаты аз камсыз болгон атуулдарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү экендигин айтты.
Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун түзүлгөнүнө эки жылдан ашты. Ал эки багытта жарандарга кызмат көрсөтөт. Биринчиси — акысыз консультация берүү, экинчи иши — кирешеси аз адамдарды зарыл учурда жактоочу менен камсыздоо. Бул тууралуу Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акысыз консультацияны бардык кыргызстандыктар, ал тургай чет мамлекеттин жарандары да ала алат.

"Биздин мекеменин ачылганына эки жылдан ашты. 2018-жылы 5000ден ашуун жаранга юридикалык жардам берсек, 2019-жылы бул сан 14 000ге жетти. Анын 65 пайызында иш оң тарабына чечилип, сегиз жаран акталып чыккан. Борбор эки түрдө юридикалык көмөк бере алат. Биринчиси, өлкө аймагында жүргөн бардык адамдар кайрылып кеңеш алса болот. Ал эми соттук иштерде акысыз адвокат менен камсыз кылуу Кыргызстандын жарандыгы бар, айлык кирешеси 9000 сомдон ашпаган адамдарга гана жеткиликтүү. Бул учурда биздин реестрге катталган адвокаттар ал адамдын соттук иштеринде башынан аягына чейин катышат. Жактоочунун гонорарын мамлекет төлөп берет. Муктаж болгондорго кеп-кеңеш берүү үчүн учурда республикада 28 борбор иштеп жатат, келечекте ар бир районго бирден ачууну пландоодобуз", — деди Калбеков.

Ал жаранга акысыз кызмат көрсөткөн жактоочуга мамлекет ишинин сапатына карап акча төлөөрүн кошумчалады.

40
Белгилер:
жардам, мамлекет, укук, жактоочу
Тема боюнча
Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев

Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

33
(жаңыланган 13:35 20.10.2020)
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда пайда болгон элдик кошуундар тууралуу пикирин билдирди.
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

Митингдер учурунда өз ыктыяры менен чыгып ишкерликти коргоп берген элдик кошуундардын республика боюнча пайда болушу — бул феноменалдык көрүнүш. Мындай пикирин Искендер Шаршеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгилдин өтүшү менен бизнес тармагына да жаңы көз караштар жаралып жатат.

"Мурдагы башаламандыктарда көбүнесе чакан жана орто бизнес жабыркаса, бул ирет алар, тескерисинче, киреше тапты. Албетте, бул өз каалоосу менен чыгып аларды коргоп турган элдик кошуундардын аракети менен ишке ашты. Мындай кадам жалпы республикада жасалып, бир нече күн элдик кошуундардын бизнести коргоп бериши чоң үмүт жаратты. Алар деле жөнөкөй эле кыргызстандыктар, биздин катарыбызда жүргөн жаш балдар. Демек, бизнес деп эле талап-тоноп кетпей, алардын өсүшүнө шарт түзүү керектигин түшүнгөн муун өсүп келе жатат десек болот. Бул бир эле кыргызстандыктарды эмес, дүйнө элин таң калтыра турган феномен", — деди Шаршеев.

Экономист бизнесте алдын ала божомолдоо өтө татаал экендигин кошумчалады.

33
Белгилер:
ишкерлик, келечек, элдик кошуун, Искендер Шаршеев
Тема боюнча
Абдыров: акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин тийгизет
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

130
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

130
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы