Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун директорунун орун басары Уулжан Масиянова

Масиянова: почта менен жиберилген буюм жоголсо, компенсация төлөнөт

114
(жаңыланган 13:49 17.10.2020)
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун директорунун орун басары Уулжан Масиянова эки киллограмга чейин кат жөнөтмө болуп саналаарын маалымдады.
Масиянова: почта менен жиберилген буюм жоголсо, компенсация төлөнөт

Почта кызматы аркылуу жиберилген буюм жоголуп кетсе, жөнөтүүчүгө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жиберилген буюм жоголуп кеткен учурлар сейрек, бирок кездешет.

"Почта кызматы аркылуу жиберилген буюм жоголуп кетсе, жоготуп жиберген өлкө жөнөтүүчүгө компенсация төлөйт. Мындай жагдайда эл аралык кат алмашуу аркылуу окуянын чоо-жайын аныктайбыз. Мисалы, Кыргызстандан кетирген аманат ал жакта жок болуп калса, кабыл алган тарап тийиштүү кат менен кайрылат. Эгерде өлкөнүн почта кызматы тарабынан күнөө кетсе, буюмдун наркы төлөнөт. Бул башка мамлекеттерде да иштейт. Башкача айтканда, чет жактан Кыргызстанга жиберилген аманат келбей калса, ошол өлкөнүн почта кызматы ал буюмдун баасын төлөп берет. Анын наркын аныктоо кантип жүрөт деген суроо жаралышы ыктымал. Аманатты жиберип жатканда жиберүүчү адам буюмдун баасын жазып, анын наркынан 10 пайызын кызмат акы катары төлөйт. Ошол аркылуу эле аныктап коюга болот", — деди Масиянова.

Ошондой эле ал аманат жөнөтүүдө ажырабаган буюм болсо 30, эгер бөлүүгө мүмкүн болсо 20 киллограммга чейин уруксат берилгенин кошумчалады.

114
Белгилер:
аманат, компенсация, почта
Тема боюнча
УКМК почта кызматы аркылуу товар ташыган коррупциялык схеманы аныктады
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

12
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

12
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт
Ветеринар Ашырбай Жусупов

Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

6
(жаңыланган 18:21 25.10.2020)
Ветеринар Ашырбай Жусупов малды убак-сааты менен бастырып, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгын айтты.
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

Мал чарбалары кышка карата комплекстүү даярданышы керек. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулардын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында малдын түрүнө жараша бөлөк-бөлөк багылуусу керек.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Мал күзүндө жайлоодон эттүү келет. Ушул кезде дайымкы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, семиз малга эмдөө жасалса эффективдүүлүгү жогорураак. Учурда ветеринария кызматы тарабынан тогуз ылаңга каршы акысыз вакцина сайылат. Андан тышкары, малдын тоюту салына турган акырды, суу иче турган ноосун, деги эле короону жазда жана күздө дезинфекциялоо шарт. Себеби илдеттер көбүнчө малдын жаткан жеринен жугат. Анан албетте комплекстүү тоют даярдалат. Тоют ар түрдүү жана витаминдүү болсо, семиз мал ооруга көп чалдыкпайт", — деди Жусупов.

Адис фермер түзүүдө алгач аталган багытта тиешелүү адабияттарды окуп, керектүү маалыматтарга ээ болуу менен мал багууну сапаттуу деңгээлге чыгарса болорун кошумчалады.

6
Белгилер:
тоют, ветеринария, мал, Ашырбай Жусупов
Тема боюнча
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат