Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев

Эрмегалиев: психикалык оорунун жеңил түрү менен жабыркагандар көбөйдү

90
Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев калк арасында психикалык оорунун жеңил түрү менен ооругандардын саны көбөйгөнүн айтты.
Эрмегалиев: психикалык оорунун жеңил түрү менен жабыркагандар көбөйдү

Кыргызстанда психикалык оору менен жабыркаган 50 миңден ашуун адам каттоого алынган. Бейтаптар чоң шаарларда көбүрөөк. Бул тууралуу Кубанычбек Эрмегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Адис: күзгү депрессияны алкоголь менен жеңем дегендер жаңылышат

Анын айтымында, психикалык оорулардын түрүн аныктап, так диагноз коюу мүмкүнчүлүгү жаралды.

"Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарыгерлер психикалык оорулардын түрүн, белгисин аныктоо боюнча окуудан өтүштү. Азыр дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жашоону өзгөрттү. Калк арасында стресс, депрессия, невроз, неврастения менен ооруган адамдар көбөйүп жатат. Негизи эле Кыргызстанда эгер психиатрга же психологго барсам каттоого алынып, "кызылдай жинди" атыгып калам деген стигма бар. Биз психикалык оорунун катуу түрү менен ооругандарды беш жылга каттоого алабыз. Аларды дарылап, карап турабыз, эгер оорусу күчөбөй абалы жакшырса, тизмеден чыгарылат. Ал эми Республикалык психикалык ден соолук борборунда психикалык оорулардын жеңил түрүн дарылаган эки бөлүм бар. Учурда ал жерге ооругандар абдан көп түшүүдө. Бул адамдар бир жылдык профилактикалык каттоого алынат. Баары жакшы болсо каттоодон чыгарылат. Эгер депрессия же көңүл чөгүү эки жуманын ичинде өтүп кетпесе, сөзсүз адистерге кайрылуу зарыл. Өз өмүрүнө кол салуу болушу ыктымал. Өзгөчө суицид жаштар арасында өсүп жатат", — деди Эрмегалиев.

Дарыгер карантин маалында адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилесин бекемдеп, бири-биринин кулк-мүнөзүн жакындан билгенге мүмкүнчүлүк жаралганы менен үй-бүлөлүк чыр-чатак, зордук-зомбулук күч алганын кошумчалады.

90
Белгилер:
оору, психикалык абал, стресс
Тема боюнча
Психиатр күзгү депрессиядан арылуунун эң оңой жолун атады
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева

Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

44
(жаңыланган 19:09 28.10.2020)
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган бакчанын уникалдуулугу эмнеде экенин айтып берди.
Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

Ботаникалык бакчада ар кандай ооруларга туруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар. Алар жаңы салынып жаткан сейил бактарга отургузуу үчүн сунушталууда. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, тыштан алып келинген өсүмдүктөр өлкөнүн шартына ылайыкташтырылбагандыктан өспөй калууда.

Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

"Эгемендүүлүк алгандан бери жеке ишкерлер чет өлкөдөн көчөттөрдү алып келип, көчөлөрдө сатышууда. Алып келинген бак-шактар менен бирге ар кандай өсүмдүктөрдүн дарттары кошо кирип жатат. Ал ооруга бул жакта мурдатан өскөн бактар туруштук бергени менен сырттан алып келингендер зыян тартып жатышат. Мисалы, учурда эмен багы, каштандардын жай мезгилинде эле жалбырагы саргарып түшүп жатканына күбө болуп жатабыз. Мезгилдин өтүшү менен өсүмдүктөр климатка жараша өзгөрүүдө. Акыркы жылдары Бишкек шаарында экологиялык абал начарлап, ар кандай себептер менен түтүн каптап жатат. Бул өсүмдүктөргө дагы терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам Ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлери изилдөө жүргүзүп, ар кандай ооруларга туруктуу көчөттөрдү отургузууну, жаңы салынып жаткан сейил бактарга дагы жергиликтүү көчөттөрдү тигүүнү сунуштап жатышат", — деди Донбаева.

Ал бакчада 6500дөн ашык өсүмдүктүн түрү бар экенин кошумчалады.

44
Белгилер:
экология, парк, өсүмдүктөр
Тема боюнча
Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео
Лид-аниматор Самара Мастанова

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

229
(жаңыланган 17:43 28.10.2020)
Лид-аниматор Самара Мастанова Кыргызстанда кандай анимациялык эмгектер жасалып жатканын айтып берди.

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

Лид-аниматор сценаристтер жана сүрөтчү-мультипликатор менен иштейт. Алсак, окуяга канча каарман, кандай фон, образдар керектигин дал ушул адис айтып турат. Бул тууралуу Самара Мастанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

Анын айтымында, бир команда кыска метраждуу он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөт.

"Мен Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап жатканда дипломдук ишимде анимация жасадым. Албетте, бизде бул тармакка басым жасалып окутулбайт. Бирок интернетте видео сабактардын жардамы менен анимациялык тасма жаратса болот. Ошону менен бирге аталган окуу жайда Кыргызстандын алдыңкы аниматорлорунун бири Каныбек Өмүрбековдун кошумча курстарына катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыр мен — иштеп жаткан студияда лид-аниматормун. Менин функциям тапшырык келсе бөлүштүрүп, жумуштун аткарылышын көзөмөлдөп, бүткөн анимациянын композициясы, пландарын карап, каталарын текшерүү. Алсак, бизде 8-9 кишиден турган 2D жана 3D жасаган командалардын бирден лид-аниматору болот. Азыркы учурда биздин эмгектер "Ютубдагы" каналга чыгып жатат. Бул өспүрүмдөргө арналган контент десек болот. Анда адамдардын жашоосундагы ийгилиги же жеңилүүсү, сүйүү же көңүл калуу жана кайгылуу, же тескерисинче, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. Анимациялардын үнү кыргызча, түркчө, казакча, орусча, немец жана англис тилинде коштолуп чыгып жатат", — деди Мастанова.

Ал 2D жана 3D анимацияларды Moho pro, Blender программаларынын жардамы менен жасап жатышканын кошумчалады.

229
Белгилер:
анимация, тасма, мультфильм
Тема боюнча
Мультфильм каарманына айланган ар улуттун кыздары. Суктанткан сүрөттөр
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

0
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

0
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт