Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архивдик сүрөт

Керималиев: күзүндө себилген үрөн жазгыга караганда көп түшүм берет

87
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев өлкө боюнча күзгү айдап-себүү иштери тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Керималиев: күзүндө себилген үрөн жазгыга караганда көп түшүм берет

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн миллион тоннадан ашуун түшүм алуу зарыл. Учурда өлкөдө 680 миң тоннанын тегерегинде түшүм алынып, калганы башка өлкөлөрдөн экспорттолот. 2025-жылга карата өлкөнүн ички керектөөсүн өз алдынча камсыздап калуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түшүмдү көбөйтүү үчүн өлкөдө дыйкандарга сапаттуу үрөн дотация жолу менен берилүүдө. Ага ылайык, үрөндүн 30 пайызын мамлекет төлөп берип, дыйкан 70 пайызын гана төлөйт.

Түркия Кыргызстанга жардам катары 10 тоннадан ашык үрөн, жер семирткич берди

"Учурда өлкө өз алдынча 675-676 миң тонна буудай даярдап, калганын башка өлкөлөрдөн сатып алат. Дан эгиндерин талап кылынган көлөмдө даярдоо максатында бардык аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн кылкандуу дан эгиндеринин аянты көбөйтүлүп, күздүк себилчү жерди 220 миң гектарга жеткирүү аракеттери жасалууда. 2025-жылга карата түшүмдү миллион тоннага чейин жеткирүү пландалган. Бул максатты ишке ашырууда күзгү айдап-себүү абдан маанилүү. Анткени күзүндө себилген үрөн жазгыга салыштырмалуу 30 пайызга чейин көп түшүм берет. Ошондуктан жер-жерлерде дыйкандар дотациялык, сапаттуу үрөн алып сээп жатышат. Азыр айрым региондордо бүтүп калса, кээ бир аймактарда жерди сугаруу, үрөн себүү үчүн даярдоо айдоо аянттары даярдалууда", — деди Керималиев.

Аткаминер быйыл түшүмдүүлүктүн жогору болгонун айтып, буга дыйкандардын дотациялык жол менен алган сапаттуу үрөндү сепкени өз таасирин тийгизгенин кошумчалады.

87
Белгилер:
дан, түшүм, үрөн
Тема боюнча
Талас, Чүй, Жалал-Абад алдыда. Быйыл өлкөдө канча арпа, буудай жыйналды
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

23
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

23
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт
Ветеринар Ашырбай Жусупов

Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

10
(жаңыланган 18:21 25.10.2020)
Ветеринар Ашырбай Жусупов малды убак-сааты менен бастырып, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгын айтты.
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

Мал чарбалары кышка карата комплекстүү даярданышы керек. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулардын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында малдын түрүнө жараша бөлөк-бөлөк багылуусу керек.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Мал күзүндө жайлоодон эттүү келет. Ушул кезде дайымкы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, семиз малга эмдөө жасалса эффективдүүлүгү жогорураак. Учурда ветеринария кызматы тарабынан тогуз ылаңга каршы акысыз вакцина сайылат. Андан тышкары, малдын тоюту салына турган акырды, суу иче турган ноосун, деги эле короону жазда жана күздө дезинфекциялоо шарт. Себеби илдеттер көбүнчө малдын жаткан жеринен жугат. Анан албетте комплекстүү тоют даярдалат. Тоют ар түрдүү жана витаминдүү болсо, семиз мал ооруга көп чалдыкпайт", — деди Жусупов.

Адис фермер түзүүдө алгач аталган багытта тиешелүү адабияттарды окуп, керектүү маалыматтарга ээ болуу менен мал багууну сапаттуу деңгээлге чыгарса болорун кошумчалады.

10
Белгилер:
тоют, ветеринария, мал, Ашырбай Жусупов
Тема боюнча
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

33
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

33
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты