Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Омурзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКардиолог и ревматолог Назгуль Омурзакова
Кардиолог и ревматолог Назгуль Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Омурзакова артритти туура дарылоо менен ооруну толук айыктырса болорун айтты.
Өмүрзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

Артрит бул муундардын сезгенүү оорусу. Илдет бир муунда болсо моноартрит, бир нече муун ооруса полиартрит деп айырмаланат. Бул тууралуу Назгүл Омурзакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, артритте муундун айланасы, периартикулярдык ткандар сезгенет.

"Артриттин түрү бар. Мисалы, инфекциялык, подагра, остеоартрит жана ревматизм, полиартрит болуп бөлүнөт. Бул оорунун өрчүшүнө суук тийүү, организмдин коргонуу функциясынын төмөндөшү түрткү берет. Негизги белгилери муундар ооруп кызарат, анда сезгенүү суюктугу чогулуп шишик пайда кылат. Кээде оорулуу көпкө дарыланбай жүрө берет же өз алдынча дарылануудан күчөп, муундар кыйшайып, өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Мындан сырткары, артрит жүрөк, бөйрөк, өпкө сыяктуу ички органдарга да доо кетирет. Илдетти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси бар. Ошондой эле хирургиялык дарылоо да кеңири колдонулат. Муун ооруларына таманын жука алып жүргөн, базарда, унаа жуучу жайда жана башка ушул сыяктуу муздак жерлерде иштегендер көбүрөөк чалдыгат. Өткөрүп жибербей врачка кайрылып, дарттан толугу менен айыгып кетүүгө болот", — деди Омурзакова.

Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

Дарыгер артриттин алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, ооз көңдөйүн дайыма карап жүрүү маанилүү экенин кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0