Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыров: Кыргызстан ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДоктор экономических наук, профессор Толонбек Абдыров
Доктор экономических наук, профессор Толонбек Абдыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ЕАЭБге кирген беш жылдын ичинде Бажы кодексине Кыргызстан анча маанилүү эмес сунуштарды берип келе жатканын айтты.
Абдыров: Кыргызстан ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн тийиштүү деңгээлде колдоно албай жатат. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ менен түздөн-түз иш алып барган Экономика министрлигинде бир башкармалык жана бир эле сектор бар.

Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

"Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан бир топ экономикалык, соода жүргүзүү боюнча уюмдарга кирген. Бирок алардын пайдасын көрө албайт. Себеби бул багытта иш алып баруу боюнча стратегиялык пландар түзүлбөйт. Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында деле ошондой болуп жатат. Мисалы, уюмга мүчө-мамлекеттер Бажы кодексине 1500дөй сунуш берген. Ал эми Кыргызстан "үтүрдү алып койгула, бул сөздү кошуп койгула" деген сыяктуу анча маанилүү эмес 10го жетпеген сунуш айткан. Башкача айтканда, ЕАЭБдин алкагында тийиштүү деңгээлде Кыргызстандын таламын талашып, уюмдун мүмкүнчүлүктөрү толук кандуу колдонулбай жатат", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында иш алып баруучу Кыргызстандын кадрлары чабал иштеп жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0