Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

© Sputnik / Асель СыдыковаЭндокринолог Айпери Биримкулова
Эндокринолог Айпери Биримкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0