Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Омурзакова

Омурзакова: артрозго тар бут кийим дагы себепчи болушу мүмкүн

240
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Омурзакова артрит менен жаштар көбүрөөк ооруса, артроз улуу муунда көп кездешерин айтты.
Омурзакова: артрозго тар бут кийим дагы себепчи болушу мүмкүн

Ата-апаларыбыз муун ооруларына колдонгон койдун же кашкулактын майынын ооруну басуучу мүмкүнчүлүгү бар. Анын эч кандай зыяны жок. Бирок ооруну толук айыктыруу үчүн дарыгерге кайрылуу талап кылынат. Бул тууралуу Назгүл Омурзакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, этек кири токтогондон кийин эстроген гармону азайгандыктан артроз менен аялдар көп ооруйт.

"Артроз бул муундардын өнөкөт оорусу. Көбүнчө улгайган адамдарда кездешет. Ал эндокриндик бузулуу, муун травмасы, организмдеги зат алмашуунун бузулушу, ашыкча салмактан улам пайда болот. Ошондой эле муундарга дайым күч келип, кемирчек жешилгендиктен спортсмендер да артроз менен оорушат. Тар бут кийим дагы артроздун себеби болушу мүмкүн. Ал тизе, жамбаш сыяктуу ири жана майда муундарды, анын ичинде омурткаларды жабыркатат. Муунга бириккен сөөктөрдүн учундагы кемирчек жукара баштайт, суюктук аз бөлүнүп, ошондой эле сөөк тканы жана муун баштыкчасынын ички бети бузулуп жакшы иштебей калат. Муундардын мезгил-мезгили менен оорушу дарттын белгиси болуп саналат. Айрыкча өтө күч келгенде же узакка кыймылсыз абалда болгондон кийин оору күчөйт. Муундар шишимик тартып, ага тийгенде ооруйт, бүккөндө, сунганда кырсылдайт. Дарылоо кайсы муундун жабыркаганына жана оорунун абалына жараша жүргүзүлөт. Ал эми дарыканаларда муун оорулары үчүн сатылган салттуу медицинага таандык дары-дармектер ооруну убактылуу гана басат", — деди Омурзакова.

Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

Ревматолог артрозу барлар организмдеги зат алмашуу процессин калыбына келтирүү жана жабыркаган муунга күч келтирбөө керектигин кошумчалады.

 

240
Белгилер:
себеп, бут кийим, оору
Тема боюнча
Омурзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

5
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандыктар келишим боюнча ал жактан да пенсияга чыга алышарын айтты.
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

Түштүк Кореяда эмгектенип келген 20дай мекендеш ал жактан пенсияга чогулткан акчасын кайтарып алышты. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекетке жумушка орношууда келишимде эмгек мигрантынын пенсия маселеси да каралганын көпчүлүгү биле бербейт.

"Түштүк Кореяга келишим аркылуу кетип, мөөнөтү бүткөндө кайтып келген кыргызстандыктардын пенсияга чогулткан акчасы банктык эсебине которулуп жатат. Мындай жол менен 20дай мекендешибиз 3000 доллардан 8000 долларга чейин алышты. Ал жакта пенсияга чыгууда топтомо системасы гана иштейт. Ошондуктан эмгек мигранты айлыгынын 4,5 пайызын, иш берүүчү 4,5 пайызын өздөрүнүн социалдык фондуна которуп турат. Эмгек мигрантынын келишими бүткөн соң, ал Түштүк Кореядан чыгып кетип жатканда чогулган акчаны алып кетсе болот. Бирок муну көпчүлүк мекендештерибиз билбегендиктен, жөн эле учуп келе беришкен. Корея өлкөсү ошол киши жашаган аймактагы социалдык фонддун өкүлчүлүгүнө сурам жөнөтүп, жыйынтыгында эмгек мигранттарынын жеке эсебине акчасын которуп берген учурлар болду. Алардын мыйзамы боюнча адам иштеп кеткен соң беш жыл аралыгында пенсиясына чогулткан акчасын ала алат. Ошондуктан мурда-кийин Түштүк Кореяга келишим менен барып иштеп келген кыргызстандыктар бизге кайрылып, керектүү документтерин берсе биз ал жакка жиберип, ошол учурда топтолгон пенсиясын алдырып бере алабыз", — деди Мукамбетов.

Адис ошондой эле эмгек мигранты Түштүк Кореяда иштеп келген соң көзү өтүп кетсе, анын ошол жакта пенсияга чогулткан акчасын мураскерлери ала алышарын кошумчалады.

5
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Түштүк Корея, Жеңишбек Мукамбетов
Тема боюнча
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив

Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

10
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев контрабандалык жол менен чыгып жаткан айыл чарба продукцияларын токтотуу үчүн фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү милдетин министрликке өткөрүп берүү зарыл деген пикирин билдирди.
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан фитосанитария багытын айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, аталган тармак министрликке өтсө андагы коррупциялык элементтерди жоюп, ишти иретке келтирүүгө министрге бир жума убакыт жетиштүү.

"Бир эле нерсени мисал кылып кетейин. Кыргызстандан расмий түрдө сыртка жылына 5000 тонна жүгөрү чыгарылса, контрабандалык жол менен 500 миң тонна сатылып кетет экен. Муну мага жүгөрү өстүргөндөр өздөрү айтышты. Биз айрым продукциялардын ЕАЭБден башка мамлекеттерге сатылуусуна убактылуу тыюу салдык. Анда жүгөрү дагы бар. Алар келип мындай маалыматты айткан соң эми жүгөрүнү бул тизмеден чыгаралы деп турабыз. Анткени үчүнчү мамлекеттерге сатууну пландаштырып алган дыйкандар жабыркап калышат экен. Ошондуктан фитосанитардык көзөмөл милдетин биздин министрликке өткөрүү керек. Эгер өкмөт бул ишти бизге тапшырса бир жумада тармакты иретке келтирип коюуга сөз берем. Аталган убакытта ишке ашыра албасам мени жумуртка менен чабышсын", — деди Токтогазиев.

Министр ача туяктууларды башка мамлекеттерге сатууга убактылуу салынган тыюунун башкы максаты сыртка чыгарылып жаткан ургаачы малдардын санын азайтуу болгондугун кошумчалады.

10
Белгилер:
көзөмөл, контрабанда, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Эргешова: күнөскана үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым жасоо керек
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

ӨКМ жолдордо жылынуучу пунктуларды уюштурду. Сүрөт

0
Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдар, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.

0
Белгилер:
жол, кар, чукул кырдаал, ӨКМ
Тема боюнча
Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео