Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков

Сазыков: маркалоонун максаты ЕАЭБге товарды тоскоолдуксуз экспорттоо

39
(жаңыланган 12:03 27.10.2020)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков товарларды милдеттүү маркалоо 2021-жылдын 1-апрелине чейин жылдырылганын белгиледи.
Сазыков: маркалоонун максаты — ЕАЭБге товарды тоскоолдуксуз экспорттоо

Маркалоонун максаты — ЕАЭБ аймагына товарды тоскоолдуксуз экспорттоо. Ошондой эле маркалоо жасалма товарларды аныктоого мүмкүндүк түзүп, көмүскө экономика менен күрөшүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, алкоголдук продукцияларды, тамекини милдеттүү түрдө маркалоо пландалууда.

Жумабеков: маркалоодон өтпөгөн айрым товарлар экспортко чыкпайт

"Маркалоо аркылуу товар тууралуу бардык маалыматты QR-кодго сактаганга мүмкүн болот. Айрым товарларды милдеттүү түрдө маркалоону киргизүүнү буга чейин эки жолу, эми кийинки жылдын 1-апрелине чейин жылдырылды. Буга коронавирус пандемиясы себеп болууда. Маркалоонун эң негизги максаты — контрафактылык товарлар, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ЕАЭБ аймагына тоскоолдуксуз экспорттоо. Ал жакта товарларды маркалоо башкы талап болуп саналат. Мындан тышкары, салыгын өз учурунда төлөп жаткан ишкерлердин укугун коргоо. Себеби салык төлөөдөн качып жүргөндөр товарын арзан сатып, ак ниет иш алып барып жаткандарга зыянын тийгизүүдө", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал маркалоону жылдырууга ишкерлердин кайрылуулары дагы себеп болгонун кошумчалады.

39
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Айрым товарларды милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү узартылды. Себеби
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова

Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

19
(жаңыланган 14:54 04.12.2020)
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова кыз-келиндер жумуш ордунда укугу тебеленген учурда тиешелүү органдарга көп кайрылбай келерин айтты
Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

Кыргызстанда адам укугу бузулган учурда 115, 111 же 102 телефондоруна чалса болот. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жарандык жоопкерчилик төмөн болууда.

"Бизде балдардын же аялдардын укугу бузулган учурлар көп. Анткени бул маселелер боюнча коомчулук тартынбай кайрылганга үйрөнүп калды. Бирок ошол эле учурда кыз-келиндердин кызмат ордунда укугу бузулса, ачык айткандан уялышат. Буга биздин менталитет бир жагынан жол бербесе, экинчиден, кайрылган күндө да тергөөчүлөр ишти дыкат карабай коюп жатышат. Андыктан биз коомчулукту бул маселеде ачык болууга үйрөтүшүбүз керек. Эгер жумуш ордунда аялга карата орой мамиле, ыксыз тийишүүлөр болсо, тартынбай 115 номерине чалыңыздар", — деди Бообекова.

Ал жарандар кошунанын үйүндө же көчөдө болуп жаткан ызы-чууга кайдыгер карабай тиешелүү органдарга кайрылуусу зарыл экендигин кошумчалады.

19
Белгилер:
мамиле, кызмат, укук
Тема боюнча
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

16
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

16
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Новый биометрический паспорт гражданина Кыргызской Республики на столе

ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп

0
(жаңыланган 16:13 04.12.2020)
Азыр Каттоо кызматы, Соцфонд, Салык кызматы же банктарга барсаң, дароо ПИН сурашат. Аны текшерте келгенде бир эле адамдын эки-үч номер чыгып калышы толук ыктымал.

Эмне себептен бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калат, аны оңдотууга канча убакыт кетет, дегеле ПИН (Персоналдык идентификациялык номер) деген эмне экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов айтып берди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Бул номерде ар бир жарандын жекече маалыматы камтылган. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди ала алат.

ПИН кайсы учурда керек болот?

Персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматына, Салык кызматына, Соцфондго жана банктарга барганда керек болот. Кайрылган адамдын аты-жөнүн сураганда андайдан төрт-бешөө чыгып калышы ыктымал. Ал эми мыйзам боюнча ПИН бир адамда бирөө гана болушу шарт. Ошол себептен жеке номерин сурап, андан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурлар катталууда. Себеби эмнеде?

Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган.

Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган.

Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен.

ПИН берүү функциясын Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган.

Себеби паспорт жана башка документ алууда биринчи кезекте ПИНи такталат. Ал аркылуу ошол жарандын маалымат базасы текшерилет. Бир нече ирет берилип кеткен ПИНдерди оңдоп, текшерүү үчүн кызматтын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Мыйзам боюнча бир адамда бир эле персоналдык идентификациялык номери болушу шарт. Ошол себептен атайын комиссия анын баарын тактоодо.

Эгер эки же андан көп ПИН бар болсо, ал канча убакытта оңдолот?

ПИНди текшере турган комиссия жумуштун баарын жабык эшик артында жасайт. Себеби алар ар бир адамдын жеке маалыматын бирден текшерип чыгышат. Алсак, айрымдарынын туулган жери же жылы туура эмес жазылып калган болот. Же болбосо туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорттогу маалыматтар дал келбей калат. Комиссия мунун баарын текшерип чыкканга чейин 10 күн керектелет.

Комиссиянын курамында сегиз гана киши иштейт. Ал эми идентификациялык номер боюнча мамлекеттик каттоо кызматына күнүнө 400-500 арыз келип түшөт. Буга чейин комиссияда беш гана адам иштечү. Бирок жумуш көбөйгөндүктөн дагы үчөө кошулган. Арыз көп, киши аз болгондуктан да ПИНди берүү мөөнөтү узарып кетүүдө.

Негизи 10 күндүн ичинде такталган ПИН берилиши шарт. Азыркы тапта комиссияда 4 800 туура эмес ПИН турат.

Эгер андан көп убакыт өтүп кетсе эмне кылуу керек?

ПИНди оңдоо бир айга чейин созулуп кеткен фактылар катталган. Адатта эскирип, жазуусу өчүп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү текшерүүгө көбүрөөк убакыт кетип калат. Ошол себептен эки жумадан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Бирок 10 күндүн ичинде бүтүрүүгө аракет кылышат. Кокус ал убакытта номер колго тийбей калса, жарандар Каттоо кызматынын 62 41 40 ишеним телефонуна чалса болот. Бүгүнкү күндө 200 000 ашык ПИН өзгөртүлүп, оңдолду.

ПИНди текшертүү үчүн кайда кайрылуу керек?

Персоналдык идентификациялык номерди текшертүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу керек. Кокус эки же үч ПИН чыгып калып же аты-жөнү боюнча ката кездешсе, жаран ошол жерден арыз жазат.

Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет өлкөдөгү тийиштүү мекемелерде ишке ашырылат.

Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.

ПИН алуу үчүн кандай документ керек? (18 жашка толгондорго)

Бекитилген форма боюнча арыз;

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;

Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.

0
Белгилер:
текшерүү, документ, каттоо кызматы, каттоо, маалымат, жеке иш