Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азизбекова: республикада COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек жетиштүү

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления реализации программ медицинского страхования ФОМС Жыпара Азизбекова
Начальник Управления реализации программ медицинского страхования ФОМС Жыпара Азизбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова коронавирустун экинчи толкунуна көрүлүп жаткан даярдык тууралуу айтып берди.
Азизбекова: республикада COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек жетиштүү

ММК фонду коронавирусту дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарына консолидацияланган бюджеттен 1 миллиард 611 миллион 804 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу Жыпара Азизбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо уюмдарында 322 миллион сомдон ашкан дары-дармектин запасы бар.

"Акча дары-дармектерди, жеке коргонуу каражаттарын жана респираторлорду сатып алууга бөлүндү. Жалпысынан республикада COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек жетиштүү десек болот. Коронавирусту дарылоо боюнча жаңы иштелип чыккан 4-протоколго ылайык 92 аталыштагы препараттар алынып жатат. Анын ичинде Кавасаки синдромуна каршы дары, иммуноглобулиндер бар. Негизинен республикада бир ай ичинде дары-дармектерге болгон муктаждык 149 583 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 7 миллион 966 миң жеке коргонуучу каражаттары бар. Алсак, 308 миң коргоочу костюм, 2 миллион 645 миң даана медициналык маска, 381 миң респиратор, 3 миллион 673 миң кол кап, 778 миң бахила, 108 миң даана көз айнек. Ал эми облустарды алсак, Баткенде 20 миллион 356 миң сомдук, Бишкекте 45 миллион 714 миң, Жалал-Абадда 41 миллион 576 миң жана Ошто 179 миллион сомдук дары-дармекке каражат бар", – деди Азизбекова.

Ал республика боюнча коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 4 538 керебет, ал эми резервде 3 221 орун даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0