Ботаникалык бакчада ар кандай ооруларга туруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар. Алар жаңы салынып жаткан сейил бактарга отургузуу үчүн сунушталууда. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, тыштан алып келинген өсүмдүктөр өлкөнүн шартына ылайыкташтырылбагандыктан өспөй калууда.
Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат
"Эгемендүүлүк алгандан бери жеке ишкерлер чет өлкөдөн көчөттөрдү алып келип, көчөлөрдө сатышууда. Алып келинген бак-шактар менен бирге ар кандай өсүмдүктөрдүн дарттары кошо кирип жатат. Ал ооруга бул жакта мурдатан өскөн бактар туруштук бергени менен сырттан алып келингендер зыян тартып жатышат. Мисалы, учурда эмен багы, каштандардын жай мезгилинде эле жалбырагы саргарып түшүп жатканына күбө болуп жатабыз. Мезгилдин өтүшү менен өсүмдүктөр климатка жараша өзгөрүүдө. Акыркы жылдары Бишкек шаарында экологиялык абал начарлап, ар кандай себептер менен түтүн каптап жатат. Бул өсүмдүктөргө дагы терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам Ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлери изилдөө жүргүзүп, ар кандай ооруларга туруктуу көчөттөрдү отургузууну, жаңы салынып жаткан сейил бактарга дагы жергиликтүү көчөттөрдү тигүүнү сунуштап жатышат", — деди Донбаева.
Ал бакчада 6500дөн ашык өсүмдүктүн түрү бар экенин кошумчалады.
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.