Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

© Sputnik / Асель СыдыковаЛид-аниматор Самара Мастанова
Лид-аниматор Самара Мастанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лид-аниматор Самара Мастанова Кыргызстанда кандай анимациялык эмгектер жасалып жатканын айтып берди.

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

Лид-аниматор сценаристтер жана сүрөтчү-мультипликатор менен иштейт. Алсак, окуяга канча каарман, кандай фон, образдар керектигин дал ушул адис айтып турат. Бул тууралуу Самара Мастанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

Анын айтымында, бир команда кыска метраждуу он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөт.

"Мен Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап жатканда дипломдук ишимде анимация жасадым. Албетте, бизде бул тармакка басым жасалып окутулбайт. Бирок интернетте видео сабактардын жардамы менен анимациялык тасма жаратса болот. Ошону менен бирге аталган окуу жайда Кыргызстандын алдыңкы аниматорлорунун бири Каныбек Өмүрбековдун кошумча курстарына катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыр мен — иштеп жаткан студияда лид-аниматормун. Менин функциям тапшырык келсе бөлүштүрүп, жумуштун аткарылышын көзөмөлдөп, бүткөн анимациянын композициясы, пландарын карап, каталарын текшерүү. Алсак, бизде 8-9 кишиден турган 2D жана 3D жасаган командалардын бирден лид-аниматору болот. Азыркы учурда биздин эмгектер "Ютубдагы" каналга чыгып жатат. Бул өспүрүмдөргө арналган контент десек болот. Анда адамдардын жашоосундагы ийгилиги же жеңилүүсү, сүйүү же көңүл калуу жана кайгылуу, же тескерисинче, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. Анимациялардын үнү кыргызча, түркчө, казакча, орусча, немец жана англис тилинде коштолуп чыгып жатат", — деди Мастанова.

Ал 2D жана 3D анимацияларды Moho pro, Blender программаларынын жардамы менен жасап жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0