Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: эл аралык резерв экономикалык эмбарго болсо колдонулат

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банктын эл аралык резервдери өлкөнүн алты айлык импортун жабууга жете турганын айтты.
Карабаева: эл аралык резерв экономикалык эмбарго болсо колдонулат

Улуттук банктын эл аралык резервдери үч миллиард доллардан ашты. Ал өлкө экономикасынын коопсуздугун камсыздоого белгиленген. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, эл аралык резервдерди колдонуу атайын мыйзамдар менен ишке ашат.

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

"Улуттук банктын эл аралык резервдерин колдонуу боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамда так белгиленген. Учурда эл аралык кордун (запас, резерв) көлөмү үч миллиард доллардан ашып, тарыхый максимумга жетти. Анын курамы алтындан, эл аралык туруктуу валюталардан турат. Бул сумма өлкөнүн алты айлык импортун жабууга жетет. Негизи эл аралык стандарт боюнча, алтын валюталык резерв өлкөнүн үч жарым айлык импортун камсыздоосу зарыл. Ал экономиканын коопсуздугун камсыздоо үчүн белгиленип, кандайдыр бир экономикалык эмбарго болсо колдонулат", — деди Карабаева.

Ал валюталык интервенциялар дагы эл аралык резервден жасала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0