Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

© Sputnik / Асель СыдыковаӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция алты пайызга азайып кеткенин айтты.
Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

Жеңил өнөр жайы азыркы учурда приоритеттүү тармак болуп саналат. Анткени ал социалдык маселени чечет, массалык түрдө жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылат. Бирок пандемия бул тармакка бир топ зыянын тийгизди. Бул тууралуу Фатима Садамкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жапаров: Кыргызстанда бир гана тармак жабыркаган жок

Анын айтымында, жумуш токтоп турган маалда 20га жакын тигүү ишканасы бет кап, коргонуучу костюмдарды тигип, өлкө боюнча дефицитти жапканга көмөктөшкөн.

"2020-жылга чейин жеңил өнөр жайы жакшы эле өнүктү. Ал эми ушул жылдын жыйынтыгын алып карасак, биринчи чейректе жеңил өнөр жай тармагы 21 пайызга өскөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынын аягында бул жааттагы ишканалардын бардыгы ишин токтотуп турушту. Дегеле жалпы өнөр жайдын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурап, экономикалык кыйынчылыктар башталды. Тогуз айдын жыйынтыгын алып карасак, ИДП - 6, өнөр жайдагы өсүш 1,9 пайызга төмөндөдү. Жеңил өнөр жай тармагында бул жылы 4,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, темпи былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга түштү. Анын ичинде тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 3,8 миллиард сомду түзүп, продукция дээрлик 20,5 пайызга азайган. Бул учурда өкмөт тарабынан COVID-19 илдетинен жабыркаган ишкерлерге каржылык колдоо болду. Алсак, Финансы министрлиги тарабынан жалпы эле ишкерлерге 3,5 миллиард сом бөлүп, 13 банк аркылуу алты пайыздык ченде жеңилдетилген насыялар берилди. Аны менен катар салыктан бошотулуп, сырттан келген сырьелорго кошумча нарк салыгы алып салынды", — деди Садамкулова.

Ал былтырга жылга салыштырмалуу тигүү өнөр жайынын продукцияларын эскпорттоо 37 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0