ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев

Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

214
(жаңыланган 17:30 31.10.2020)
ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев аталган борбордун ачылганына жарым кылымга чукулдап калганын айтты.
Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул тууралуу Эрлан Искембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кинолог кесибинин ээси болуш үчүн 6 айдан бир жылга чейин окутулат.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

"ИИМдин кинологиялык борбору 1973-жылы түптөлгөн. Анда окутуп-үйрөтүү үчүн тийиштүү техникалык база бар. Бул республика боюнча бирден-бир базасы бар кинологиялык борбор болуп саналат. Ал жакта эмгектенген кинологдорго бир же эки ит бекитилет. Кызматтык иттер атайын комиссиянын тандоосу менен алынат. Себеби төрт буттуу досторубуздун айрымдары коркок болуп же саламаттыгы ылайыксыз болуп калышы ыктымал. Бир кинолог өзүнө бөлүнгөн иттерди гана машыктырууга укугу бар. Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул иттер деле биринчи кезиккен адамга берилбейт. Жакшы кам көрүп, тийиштүү деңгээлде бага ала турган адамдарга гана берилет. Жеке өзүм бир итти "пенсияга" узаттым", — деди Искембаев.

Кинолог кызматтык иттер кылмыш иликтөө, баңгизаттарды издеп табуу, жардыруучу заттарды аныктоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу төрт багытта даярдала турганын кошумчалады.

214
Белгилер:
кызматтык иттер, ИИМ, кинолог
Тема боюнча
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Энергетика боюнча эксперт Турдакун Сапарбаев

Сапарбаев: энергетикада кадр маселеси өтө оор абалда

46
Энергетика боюнча эксперт Турдакун Сапарбаев Кыргызстанда энергетика тармагында кадр маселеси оор абалга келип жеткенин айтты.

Энергетика системасын түшүнгөн билимдүү адистердин жетишпестиги өлкөдөгү кризистин пайда болушуна жол ачты. Мындай пикирин Турдакун Сапарбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сапарбаев: энергетикада кадр маселеси өтө оор абалда

Анын айтымында, аталган системада туура эмес башкаруу абалды мындан дагы курчутушу мүмкүн.

"Энергетикада кадр маселеси аксады. Киловатт, киловольт, ампердин бири-биринен айырмасын билбеген кызматкерлерди көрүп жатабыз. Энергетика системасын түшүнгөн билимдүү адистердин жетишпестиги өлкөдөгү кризистин пайда болушуна жол ачты. Анткени туура эмес башкаруу энергетиканы кыйратышы мүмкүн. Кыргызстанда жети гидроэлектростанция, эки жылуулук электр борборун кошкондо жылына 15 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ошонун 15 пайызы жоготууга кетет экен. "Кыргызэнерго" болуп турганда бул көрсөткүч алты пайызга жетчү. Демек, система туура эмес башкарылууда", — деди Сапарбаев.

Ошондой эле адис Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорго деп берилген эки миллиард доллардан көп суммадагы акчадан натыйжа болбогонун кошумчалады.

46
Белгилер:
энергетика, кадрлар, инвестициялар, ГЭС
Тема боюнча
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды
Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев

Ибраев: ЕАЭБден экспорттоло турган товарларга эч кандай чектөө жок

17
Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев ЕАЭБ 14 мамлекет менен келишимдер аркылуу мамилени чыңдап жатканын белгиледи.

Евразиялык экономикалык биримдиктин ичине кире турган товарларга атайын талаптар болгону менен уюмдан чыга турган товарларга эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ибраев: ЕАЭБден экспорттоло турган товарларга эч кандай чектөө жок

Анын айтымында, ЕАЭБдин ичиндеги техникалык регламенттер дүйнөлүк стандарттарга жакындаштырылган.

"Евразиялык экономикалык биримдик 14 мамлекет менен ар кандай келишимдер аркылуу алака түзүүдө. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, ЕАЭБге товарлар бирдиктүү бажы төлөмдөр жана сапаттык талаптарга ылайыкталып киргизилет. Бирок уюмдан чыгарыла турган товарларга эч кандай чектөө коюлган эмес. Мисалы, ЕАЭБден Кытайга экспорттоло турган болсо Кытайдын стандарттарына тууралаш керек. Дагы башка уюмга же өлкөгө товар сатылса, ошолордун стандарттарына ылайыкташтырылат. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандарын сапаттуу, коопсуз товарлар менен камсыздоого багытталган. Балким мурда бул техникалык стандарттар колдонулбай келген чыгаар. Ошол эле учурда ал товарларды ким колдонуп жатканын ойлонуп коюшубуз керек. Алар өзүбүздүн эле жарандар. Демек, алар стандартка ылайыкталган, сапаттуу товарларды колдонушу зарыл", — деди Ибраев.

Ошондой эле Кыргызстан уюмдун алкагында көптөгөн иштерди аткаруу керектигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

17
Белгилер:
Данил Ибраев, Евразиялык экономикалык биримдик, стандарт, экспорт
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрү жыл аягына чейин бири-биринин электрондук кол тамгасын тааныйт
Шайлоого келген аял. Архивдик сүрөт

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча каражат кетери белгилүү болду

0
(жаңыланган 18:10 17.09.2021)
Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кете турган чыгымдардын жалпы суммасы 592 миллион 531 миң сомду түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Анын ичинен БШКнын жеке өзүнүн чыгымдары 235 миллион 035,0 миң сом. Мында шайлоо комиссиялары үчүн зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каражат камтылган.

Округдук шайлоо комиссияларына 339 миллион 496 миң сом бөлүнөт. Ал эми чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларына 18 миллион сом каралган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген. Учурда бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин арызы кабыл алынууда.

0
Белгилер:
парламенттик шайлоо, акча, чыгым
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
Шайлдабекова: былтыр бийлик менен акчанын тиреши шайлоону талкалаган