Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам

© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков
КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков "Шамбала" тасмасынын жалпы бюджети 20 миллион сомду түзгөнүн айтты.
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам

Аталган кинокартина жакында эле Россияда өткөн XXIX "Киношок" ачык фестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Толук метраждуу фильмдердин сынагында 100 эмгектин арасынан калыстар тобу Артур Аманалиевди тасмадагы баланын образын чеберчилик менен көркөм ачып бергени үчүн сыйлады. Ал эми "Мыкты музыка" сыйлыгы композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылды. Бул тууралуу Артыкпай Сүйүндүков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды

Анын айтымында, "Шамбала" тасмасынын басымдуу бөлүгү Чоң Кеминде тартылган.

"Бул тасманы тартуу идеясы 70-жылдары повестти "Новый мир" журналынан окуганда эле пайда болгон. Ошол убакта Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасы тартылып калып, бул ой калып кетти. 1975-жылы фильм чыккандан кийин өкмөт дароо эле экинчи фильмдин тартылышына уруксат бермек эмес. Жадагалса Айтматов өз убагында дүйнөлүк кинонун классиги, белгилүү италиялык кинорежиссер Микеланджело Антониониге макулдугун бербей койгон. Ошентип тасманын сценарийин даярдап келе жатканыма кырк жылдан ашты. Бул аралыкта "Ак кеме" повестинин негизинде фильм тартуу боюнча улуу жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин уктум. Бирок 90-жылдары союздун кыйрашы, жаңы көз карандысыз өлкө, маданият тармагында каражаттын жоктугунан идея кайрадан ишке ашпай калган. 2000-жылдары түрк тараптан каржылоо боло турган болуп, Чыңгыз Төрөкулович Стамбулга барып, келишимге кол койгон эле. Бирок каржы кризиси чыгып, долбоор токтоп калган. Андан соң өкмөт 2017-жылы жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча программа кабыл алып, "Кыргызфильмдин" көркөм кеңеши долбоорду жактырып, бизге акча бөлүнүп берилип "Шамбала" тасмасы тартылды", — деди Сүйүндүков.

Режиссер фильмдин улуттук премьерасы 2021-жылдын жай-күз айларына пландалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0