Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулушев: мультфильмдеги терс каармандын образын чагылдыруу татаал

© Sputnik / Асель Сыдыкова3D-графика бөлүмүнүн сүрөтчүсү Нурадил Кулушев
3D-графика бөлүмүнүн сүрөтчүсү Нурадил Кулушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3D-графика бөлүмүнүн сүрөтчүсү Нурадил Кулушев анимациялык каармандардын образы кантип жараларын айтып берди.
Кулушев: мультфильмдеги терс каармандын образын чагылдыруу татаал

Кичинемден бери The Walt Disney Company медиа-конгломератынын мультфильмдерине таасирленип, "Мулан" тасмасынын ар бир кадрын жаттап бүткөм. Аталган тармакка кызыгуум күч болгондуктан, 10-11-класстан баштап сүрөт тартып келем. Бул тууралуу Нурадил Кулушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

Анын айтымында, бир персонажды тартуу үчүн 5-6 эскиз, эгер башкы каарман болсо, он эскиз чийилет.

"Мен каарманды тартардан мурун техникалык тапшырма алам. Мисалы, персонаждын жашоодогу орду, терс же оң мүнөзү, сырткы келбетинин параметрлери жана жашы көрсөтүлөт. Негизи сыртта жүргөн учурларда ар кандай адамдарды тартып, образдарды топтоп коем. Ошол үлгүлөрдү карап, каарманды иштеп чыгам. Алгач кагазга түшүрүп, андан соң гана графикалык планшет менен тартылат. Ал эми мимикаларды так, даана бериш үчүн досторумдун күлгөн, кайгырган, жинденген гримасаларын кагазга түшүрүп алып, кийин колдоном. Негизи антагонистти тартуу татаалыраак. Терс кылык-жоруктары, аны жаман адам кылып көрсөткөн окуялары көбүрөөк баяндалат. Андан тышкары, форма боюнча оң каармандар тоголок, ал эми терси үч бурчтук кылып берилет. Мисалы, оң каарманды тоголок, жумшак пахта, таттуу дарбыз, терс мүнөздөгүлөрдү кактус, учтуу буюмдарга ассоциация кылып тартабыз", — деди Кулушев.

Сүрөтчү япон режиссер-аниматорлору Макото Синкай, Хаяо Миядзаки, Сатоси Кондун эмгектерин көрүп, үлгү алып, шыктанарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0