Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карыбекова: кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары пандемиядан улам эмдиги жылы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекова
Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда үч жолу өтүшү кол өнөрчүлөрдүн эмгегин чет элдиктерге таанытууга жакшы шарт түзгөнүн айтты.
Карыбекова: кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары пандемиядан улам эмдиги жылы өтөт

19 жашымдан баштап узчулукка аралаштым. Менин ата-бабаларымдын бардыгы кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Бул кесип мага мурас катары укумдан-тукумга өткөн. Таенем – Арстанбек Буйлаш уулунун небереси чебер, уз болчу. Бул тууралуу Жамбы Карыбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Анын айтымында, 20 жылдан бери аймактардагы кыз-келиндерге кол өнөрчүлүк боюнча сабак берип келет.

"Кол эмгек сабагын 47 жылдан бери окутуп келем. Педагогикалык окуу жайды аяктагандан кийин  интернатка кол эмгек сабагын өтүүгө чакырышты. Жетекчилик кол өнөрчүлүк билимим жок экендигин билип, бирок талантымды жана чыгармачыл мүнөзүмдү баалады. Ал жерде 20 жыл иштедим. Андан кийин 12 жыл кесиптик лицейде эмгектендим. Союз кулагандан кийин жолдошум менен команда чогултуп, ошондо гана сатыкка шырдак жасай баштадым. Алгач чакан кооперативден баштадык. Убакыттын өтүшү менен ал бүткүл республика боюнча кеңейип, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешин түздүк. Мен ага жооптуумун. Расмий түрдө анын эки миң мүчөсү бар, бирок иш жүзүндө андан көп. Көпчүлүгү үй-бүлөсү менен иштешет. Быйыл кол өнөрчүлөрдүн "Кыргыз шырдагы" иш-чарасынын 10 жылдыгы, "Оймо" фестивалынын 15 жылдыгы өткөрүлмөк эле, бирок токтоп калды. Эми аталган иш-чаралар 2021-жылы эпидемиологиялык абал турукташканда ири масштабда болот", — деди Карыбекова.

Кол өнөрчү кыргыздын буюмдары чет өлкөлүктөрдү кооздугу, табигый жана сапаттуулугу менен кызыктырарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0