Акыркы 18-20 жылда тигүү өнөр жайы өз ордун таба алды. Бүгүнкү күнү "Кыргызстандан чыгарылган" деген бренд Орто Азияда, бөтөнчө РФте жаңы деңгээлге чыкты. Бирок Кытай сыяктуу чоң атаандаштар бар. Бул тууралуу Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү
Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери кошумча бажы төлөмдөрү жок тигүү өнөр жайынын иши жеңилдеген.
"Жеңил өнөр жайы — Кыргызстандын экономикасындагы жалгыз көзгө басар 100 пайыз эскпортко багытталган тармак. Жергиликтүү продукциянын 95 пайыздан көбү сыртка сатылат. Өзгөчө, өлкө Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон тарта экспортко жакшы жол ачылган. Муну менен катар кошумча бажы төлөмдөрү алып салынып, тармактын иши жеңилдеген. Бирок соңку учурда коронавирус пандемиясы, чек аралардын жабылышы түздөн-түз кедергисин тийгизип жатат. Анын үстүнө кездемелерди, сырьелордун бардыгын сырттан алып келебиз. Бизде кездемелер өтө аз санда чыгарылат", — деди Асанов.
Ал ондон ашык ишкана жабдууларды алып келип бир суткада 500 миң бет кап тиккенин кошумчалады.
Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.
"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.
Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.
"Жер-Үйдөгү" чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.
"Жер-Үйдөгү" чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог жүрдү. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар "Жер-Үйдүн" жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.
Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.