Экономист Нургүл Акимова. Архив

Акимова: кризис акчанын аздыгынан эмес, соода-сатыктын жүрбөй калганынан болот

57
(жаңыланган 16:39 07.11.2020)
Экономист Нургүл Акимова электрондук акча кризистен чыгарат деген түшүнүк жаңылыш деген пикирин билдирди.
Акимова: кризис акчанын аздыгынан эмес, соода-сатыктын жүрбөй калганынан болот

Кризис акчанын көлөмүнүн аз же көптүгүнөн келип чыкпайт. Ал карантиндик чектөөлөрдөн улам көптөгөн компаниялардын өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзө албай калгандыгына байланыштуу. Мындай ою менен Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.

Мамытов: сомду санариптештирүү аркылуу кризистен чыксак болот

Анын айтымында, электрондук акчанын колдонууга кириши менен валюта баасынын тез өзгөрүп кетүү коркунучу жоюлат.

"Экономикалык кризистин келип чыгуусунун биринчи себеби тейлөө, соода-сатык, айтор, бардык багыттагы ишкерлер тиешелүү кирешеге ээ болбой калгандыгында. Азыркы кризис коронавирустун айынан киргизилген чектөөлөрдөн улам келип чыкты. Экинчиден, мындай учурда инвесторлор кепилдик бере ала турган өнүккөн өлкөлөр менен иштешкенге ынтызарланышат. Андыктан электрондук акча киргизүүнү кризистен чыгуунун бирден-бир жолу катары кароо жаңылыштык. Бирок электрондук акчанын, блокчейндердин артыкчылыгы көп. Учурда 187 мамлекет криптовалютага байланыштуу стандарттарды кабыл алышты. Демек, бул аркылуу мамлекеттик органдар тескөө жүргүзүп, кепилдик бере алат. Муну блокчейн системасынын өнүгүүсү катары бааласак болот", — деди Нургүл Акимова.

Экономист блокчейн системасы 1-2 жылдын ичинде элге кенен тарашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

57
Белгилер:
экономика, криптовалюта
Тема боюнча
Финпол "Бишкек" эркин экономикалык аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма тапты. Видео
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева

Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

22
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева көзү көрбөгөн адамдарга өз укуктарын коргоого, өз алдынча иш кылууга, адамдарга аралашууга мүмкүнчүлүк берсе коомдо өнүгүү болорун айтты.
Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

Көзү азиз адамдар түрдүү туура эмес ойлорду четке кагып, коомдо ордун табууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Гүлназ Жүзбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, федерация окуучуларды акысыз алты айдын ичинде күнүмдүк жашоого керектүү бардык иштерди жасоого үйрөтөт.

"Федерацияны 2017-жылы Кыргызстанда жашаган активдүү, позитивдүү көзү азиз адамдар менен бирге түзгөнбүз. Негизги максатыбыз — көзү көрбөгөндөрдүн коомго болгон жана коомдун көзү азиздерге болгон мамилесин өзгөртүү. Учурдагы ишибиз окуучуларыбызга өз алдынча басууну, жашоону, өзүнүн жумушун өзү аткарууну, укуктарын коргоону үйрөтүү болуп саналат. Алты айлык тренингде жашоодо керек болгон усулдарды үйрөтөбүз. Анда алар биздин шарттарды аткарууга тийиш. Окутууга Кыргызстандын булуң-бурчунан келип, биринчи жолу шаардын шартында өз алдынча жашап башташат. Бул мөөнөттө Брайль арибин окуганды, компьютер, смартфон колдонгонду, таякча менен басканды жана англисче, орусча тилдерди үйрөнүшөт. Үй жумуштарын, тамак жасаганды, үй жыйнаганды үйрөтөбүз. Мындан тышкары, чуркап, сууда сүзүп, тандем велосипеддерди тээп спорт менен да машыгышат", — деди Жүзбаева.

Ошондой эле жетекчи Азиздер федерациясынын бүтүрүүчүлөрүнө иш таап берүүгө да көмөктөшөрүн кошумчалады.

22
Белгилер:
тренинг, жардам, азиз
Тема боюнча
КРде майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ата-энелерге сунушталды
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова

Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

43
(жаңыланган 10:58 03.12.2020)
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова кимдер акысыз юридикалык көмөк алса боло турганын түшүндүрүп берди.
Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

Республика боюнча 28 борбордо жарандарга акысыз юридикалык жардам берилүүдө. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аны онлайн дагы алса болот. Бул тууралуу Жылдыз Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага тийиштүү мамлекеттик органдар жана студенттер көмөктөшүүдө.

"Калкка бекер юридикалык көмөк көрсөтүү боюнча декада өтүп жатат. Ал 30-ноябрда башталып, 5-декабрга чейин уланат. Аймактык юстиция башкармалыктарында 28 атайын борбор бар. Ошол жактан жарандар юридикалык консультация алышууда. Бул кызматты юристтер, жактоочулар көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары, өнөктүккө Юстиция министрлигинин кызматкерлеринен тышкары Социалдык фонддун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Миграция кызматынын кызматкерлери кошулуп, жарандарга юридикалык кеңеш беришүүдө. Буга кошумча, коммерциялык уюмдар менен биргеликте юридикалык факультеттин студенттери дагы бул иш-чараны уюштурууга активдүү катышты. Быйылкы эпидемиологиялык абалды эске алып, бул кызматтарды онлайн алууга да мүмкүндүк түзүлдү", — деди Рыскулова.

Ошондой эле ал аз камсыз болгон жарандарга акысыз адвокат кепилденгенин кошумчалады.

43
Белгилер:
декада, эл, юридикалык жардам
Тема боюнча
Кыргызстанда элге бекер юридикалык жардам көрсөтүү башталды
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

53
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

53
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме