Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева

Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес

32
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган бакчада өрттүн чыгуусунун болжолдуу себептерин атады.
Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес

Ботаникалык бакчанын тегереги жакшы курчалбагандыктан үй-жайы жок селсаяктар көп жүрөт. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бакча мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде каржыланбайт.

Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

"Акыркы жылдары Ботаникалык бактын аймагында өрт көп чыгып жатат. Буга бир канча жагдайлар түрткү болушу ыктымал. Алардын эң орчундуусу — ирригациялык системанын эскилиги. Ал Союз учурунда курулган боюнча жаңыртылган эмес. Мындан улам бакчанын аймагы кургап кетүүдө. Мамлекет тарабынан техникалык тейлөөгө каражат бөлүнбөгөндүктөн, кызматкерлердин, ыктыярчылардын күчү менен мүмкүн болушунча тазалап, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле бакчанын тегереги жакшы курчалбагандыктан үй-жайы жок селсаяктар көп жүрөт. Эс алуучулардын арасында дагы өрт коопсуздугун сактабай, тартипке баш ийбегендер кездешет. Мына ушунун баары өрттүн чыгуусуна себеп болушу ыктымал. Анан, албетте, өрт пайда болгондон кийин ар кандай пикирлер жаралат", — деди Донбаева.

Ал Ботаникалык бак 2011-жылы өзгөчө коргоого алынган аймактар жөнүндө мыйзамга киргизилгенин кошумчалады.

32
Белгилер:
ботаникалык бак, мыйзам, өрт
Тема боюнча
Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео
Дефектолог Жазгул Аманбек кызы

Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

41
(жаңыланган 15:14 27.11.2020)
Дефектолог Жазгүл Аманбек кызы жаңсоо тилин үйрөнүп жаткан балдар бир учурда эле эки-үч тилди үйрөнүп жаткандай болорун айтты.
Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

Угуусу начар жана укпаган балдарды окутуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Жазгүл Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тиркеме улуттук колоритке басым жасалуу менен ишке ашырылган.

"Балдарды жаңсоо тилине үйрөткөн атайын тиркеме иштеп чыгуу идеясы көптөн бери бар болчу. Бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болбой келген. Себеби ага техникалык жактан көмөк керек болчу. Бактыга жараша, бул жагынан тилектеш адамдарга кезигип, биргеликте иш алып баруу менен ушундай натыйжага жеттик. Аталган тиркемени көчүрүп алуу бекер. Арифметика деген бөлүмдө сандар, кошуу, кемитүү ыкмалары көрсөтүлгөн. Ал эми "менин үй-бүлөм" бөлүмүндө идиш-аяк, эмерек, үй жана жапайы жаныбарлар боюнча окутулат. Мындан тышкары, айлана-чөйрө деген бөлүмү бар. Окутуу жеңил болушу үчүн сүрөттөр, ар бир тамганын кол менен көрсөтүлгөнү дагы бар. Мындан тышкары, балдардын кызыгуусу тарап кетпеши үчүн оюн түрүндөгү тесттер дагы киргизилди", — деди Аманбек кызы.

Дефектолог ата-энелер үч жашка чейинки балдарына өзгөчө көңүл бөлүп, алардын угуу, сүйлөөсү жайында экенине маани бере жүрүшү керектигин кошумчалады.

41
Белгилер:
жугуу, окутуу, тиркеме, ата-эне
Тема боюнча
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек
Акыйкатчы институтунун өкүлү Альберт Көлөпов

Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

104
Акыйкатчы институтунун өкүлү Альберт Көлөпов ШИИБге караган 60 орундуу убактылуу кармоочу жайда 100 адам кармалып турганын айтты.
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

ШИИБдин карамагындагы мыйзам бузган жарандарды 48 саат кармоочу жайда 30 адам пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган 30 адамга медициналык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү курч турат.

"ИИМдин ШИИБине караштуу убактылуу кармоочу жайы 60 адамга ылайыкташкан. Бирок анда учурда 100 адам бар. Алардын 30унан пневмония аныкталган. Вирустук диагноз менен СИЗОго да алынбай, кадимки жарандык ооруканаларга да кайрыла алышпай, начар шартта отурушат. Керектүү медикаменттер жетишсиз, болгону бир фельдшер иштейт. Сыз, тар жерде отурган бул адамдардын ден соолугуна көңүл буруп, абалды жөнгө салуу үчүн биз коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабга кайрылуу жиберебиз", — деди Көлөпов.

Ал адам өлүмү каттала электе ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын кошумчалады.

104
Белгилер:
көйгөй, вирус, укук
Тема боюнча
Сооронбаев: өзүм билемдик менен рентген, компьютердик томографияга түшпөгүлө
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео