Тамак-аш технологу Илгиз Жусупов

Жусупов: азыктын бузулуп бараткан жерин кесип салып, калганын колдонуу зыян

77
Тамак-аш технологу Илгиз Жусупов жашылча-жемиштерди кышка туура сактоо ыкмалары тууралуу айтып берди.
Жусупов: азыктын бузулуп бараткан жерин кесип салып, калганын колдонуу зыян

Консерваланган жашылча, мөмө-жемиштер бөлмө температурасында сакталышы керек. Бул 0дөн +25ке чейинки жылуулук. Сөзсүз түрдө күндүн нуру тийбеген жер төлөлөрдө турушу зарыл. Бул тууралуу Илгиз Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Токтогазиев: 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылат

Анын айтымында, өсүмдүктөрдү целлофанга эмес, атайын тамак-аш сактаган идиш, пленкаларга ороп, тоңдуруп сактаса болот.

"Күндүн нуру консерваны тез убакыттын ичинде бузуп, азыктагы витаминдерди, минералдык заттардын пайдалуулугун жоготот. Ошол эле учурда температуранын өйдө-ылдый болушунан банкада деформация процесси жүрүп, консервация бузулат. Мисалы, нөлдөн ылдыйкы градуста суу тоңуп ичине аба кирип же чыгып кетет. Ошону менен бирге жашылчанын ичиндеги суу дагы кристаллдашып тоңуп, азыктын клеткасынын чел кабыгын тешип, ал былжырап эзилип, жегенге жараксыз болуп калат. Ал эми алма этилен газын бөлүп чыгарып, мында азык суусу жок пенопласттай болуп калат. Азыр аны сактоодо атайын газды соруп ала турган жабдыктар колдонулуп келет. Андан тышкары, азыктын бузулуп бараткан жерин кесип салып калганын колдонгон туура эмес. Бул биздин деле күнүмдүк турмушта кездешкен учур. Азык бузулганда зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Аны көз менен көрүп, жыттап, даамдай албайбыз. Мисалы, көп учурда томат пастасынын үстүн көк басып баратканда үстүн тазалап коюп калганын колдонобуз. Бул учурда токсин толук каптап кеткен болот. Андан көрө томаттын үстүнө өсүмдүк майын куюп койсок ал пленка сыяктуу сактап көк түшүүгө жол бербейт", — деди Жусупов.

Технолог күн ысыган маалда автоунаага бөтөлкөгө куюлган сууну калтырып койсо идиштеги химиялык заттар сууга тарап, бузулуп кетерин кошумчалады.

77
Белгилер:
эреже, сактоо, тамак-аш
Тема боюнча
Тез арыктайм дегендерге үч азык сунушталды
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

128
(жаңыланган 15:05 29.11.2020)
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов чет өлкөдө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюмдун ачылгандыгын айтты.
Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

2021-жылдын күзүндө окуучулар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АКШнын жана Европанын окуу жайларына жиберилет. Бул тууралуу Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө билим алган тажрыйбалуу адистер уюмдун ишин жүргүзөт. Учурда финансы маселеси иштелип жатат.

"Global Education Foundation (GEF) жалпы билим берүүгө салым кошолу деген жакшы максат менен ачылды. Биз өзүбүз ишкерлик менен алек болобуз. Фонддун түптөөчүлөрү эки киши. Алардын бири — Алмаз Арапов. Ал 3-4 жылдан бери балдарды чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга жөнөтүп келген. Анын тажрыйбасын жана менин да ишкерлер менен иштешүү тажрыйбамды эске алып, уюмду ачтык. Чет өлкөдө окуу ар биринин кыялы болуш керек. Ошол себептен сыртта окуп гана калбастан билим, тажрыйба алып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген үмүттөбүз. Балдарды тандап алууда атайын критерийлерди койгонбуз. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн билим берүүдө тажрыйбасы бар, таанымал адамдардан комиссия түзөлү деп жатабыз. Алар атайын конкурстук негизде тандашат. Негизги талап англис тилин жакшы билиши керек. Бюджеттик орундарга жараша мыктылары тандалып, чет өлкөгө жөнөтүлөт", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле ишкер мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберүү, жакшы окуган окуучуларга стипендия төлөп берүү иштери да пландалып жаткандыгын кошумчалады.

128
Белгилер:
жаштар, чет өлкө, билим берүү
Тема боюнча
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

9
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийликтин маалымат алмашуусу чабал экенин айтты.
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзамдар жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетпей эле, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратат. Бирок ал кабыл алынган мыйзам кандай иштеп жатат, таасири оңбу же терспи деп иликтенип, жыйынтык чыгарылбайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармактагы бийлик органдарына тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын иликтеген доклад даярдап, аны Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Эми экинчи докладда дагы да жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамдарды топторго бөлүп жазып чыгып президентке сунуштайбыз. Бул иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда көптөгөн ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларга күбө болдук. Мисалы, алыс барбай борбор калааны эле ала турган болсок, вице-мэрлерди мэр дайындайбы же ким тарабынан бекитилери мыйзамдарда так жазылбай калган. Ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык консультация бере турган бирден юрист болуусу тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок аны аткаруу механизми көрсөтүлгөн эмес. Атайын штаттык бирдик бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү же мэр юристти кызматка алуусу үчүн башка бир штаттык бирдикти бошотушу керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Анткени 5-10 миң сомдук айлык акыга эч ким барбайт. Ушул сыяктуу чийки жазылган жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Мунун баары Жогорку Кеңештин өз функциясын так аткарбай жаткандыгында, анткени бул орган жазылган мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөшү керек", — деди Орозбаев.

Ал республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджетти теңдештирмейин өлкөдөгү экономикалык, саясий маселелер чечилбейт деген пикирин кошумчалады.

9
Белгилер:
көзөмөл, мыйзам, башкаруу
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

8
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

8
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды