Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырматов: адамдар төрт себептен улам террорчулукка баш коюшу мүмкүн

© Фото / Элмурат Кочкор уулуОш мамлекеттик университетинин мугалими, теолог Уланбек Ашырматов
Ош мамлекеттик университетинин мугалими, теолог Уланбек Ашырматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош мамлекеттик университетинин мугалими, теолог Уланбек Ашырматов террорчулук менен динди байланыштыруу туура эмес калыптанган түшүнүк деген пикирин билдирди.
Ашырматов: адамдар төрт себептен улам террорчулукка баш коюшу мүмкүн

Террорчулукка  адамдардын тартылуусунун негизги төрт себеби бар. Алардын биринчиси  жумушсуздук болуп эсептелет. Мындай ою менен Уланбек Ашырматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын арасында террордук уюмдарга тартылгандардын башкы катачылыгы дин жөнүндө туура эмес булактардан маалымат алып жаткандыгында.

"Негизи террорчулук коркунуч жаратуу, кыска убакытта бүлүндүрүү, олуттуу зыяндарды алып келүү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан дүйнөлүк башкаруучулар да табият кырсыктарына караганда террорчулуктан  бөтөнчө коркушат. Ал эми азыркы учурда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап, жанкечтиликке чейин барып жаткан адамдар уюму чындыгында эч кандай дин менен байланышы жок. Бул чоң державалардын ортосундагы саясий тирешүүдөн келип чыккан террордук уюм экенин коомчулук соңку учурларда түшүнүп деле калды. Алар ислам динин колдонгондой, каалаган башка динди деле алып колдоно беришмек. Кайсы динди алып карабайлы, анда адамдын өмүрүн алуу, талкалап бүлүндүрүү терс көрүнүш катары сыпатталат. Бул уюмга тартылган жаштардын башкы көйгөйү - дин тууралуу туура эмес маалымат булактарынан окуп, угуп жаткандыгында. Ошондой эле жумушсуздук, сабатсыздык, социалдык теңсиздик жана шайлоолор аркылуу өзүнүн жарандык укугун канааттандыра албагандык да айрым кишилерди ушундай уюмдарга мүчө болгонго түртөт", - деди Ашырматов.

Педагог өзгөчө интернет булактарынан маалымат алууда этият болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0