Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов

Баясов: алты айдын жыйынтыгы боюнча инвестициялар 58 пайызга төмөндөдү

105
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов өлкөгө инвестиция тартуу тармагындагы көйгөйлөргө токтолду.
Баясов: алты айдын жыйынтыгы боюнча инвестициялар 58 пайызга төмөндөдү

Алты айдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү 58 пайызга азайды. Мунун башкы себеби коронавирус пандемиясы. Бул тууралуу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Акимова: кризис акчанын аздыгынан эмес, соода-сатыктын жүрбөй калганынан болот

Анын айтымында, мындай көйгөйгө дүйнө жүзү боюнча бардык мамлекеттер туш болуп жатат.

"Өлкөгө инвестиция тартуу жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 58 пайызга төмөндөдү. Бул күтүлүп жаткан эле көрүнүш болчу. Коронавирус пандемиясы башталганда эле биз 50 пайызга чейин азаят деп божомолдогонбуз. Андыктан башкы себеби өлкөдөгү саясий туруксуздук эмес, дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал деп түшүнүшүбүз керек. Анан, албетте, саясий туруксуздук да өз таасирин тийгизбей койбойт", - деди Баясов.

Ал инвестиция тартуунун жогорку чеги 2015-жылы катталып, 1,5 миллиард долларга жеткенин жана 2019-жылы да өлкөгө 1 миллиард доллардан ашыгыраак инвестициялык каражат киргенин кошумчалады.

105
Белгилер:
туруксуздатуу, коронавирус, инвестициялар
Тема боюнча
Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив

Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен

219
(жаңыланган 15:32 30.11.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирусту дарылоонун 5-протоколунда бейтаптардын 80 пайызын үй шартында дарылоого көңүл бурула турганын айтты.
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен

Коронавирусту дарылоонун 5-протоколу 4-протоколдон анча деле айырмаланбайт. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин өзүнчө тобун түзүп, үй шартында дарыланууга көңүл бурулат. Андан тышкары, коронавирус менен ооруп айыккан адамдарга кам көрүү жана өз калыбына келтирүүгө да басым жасалат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир адамда эки вирус болгон учурда бейтап бир топ эле кыйналат.

"Саламаттык сактоо министрлиги мурдатан бери эле реабилитация тармагын колго алган. Бизде эл аралык деңгээлдеги күчтүү калыбына келтирүүчү топ бар. Мына ушул тажрыйбаны колдонуп министирликтин алдындагы мультидисциплинардык реабилитация группасын түздүк. Андан тышкары, сасык тумоо менен коронавирус бир учурга дал келип калганда дарылануу жолдору каралды. Бул боюнча биз анализ жүргүздүк. Грипп менен коронавирустун айырмасы болбойт экен. Клиникалык белгилери, рентген жана компьютердик томографияга тарткан учурда өпкөдөгү өзгөрүүлөр, оорунун өтүшү жана өнүгүшү абдан окшош чыкты. Муну эң тажрыйбалуу дарыгер деле айырмалай алчудай эмес. Ошондуктан сасык тумоого кабылган же жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп башка вирустук инфекция менен ооруп калган адамдарды да коронавирус болушу мүмкүн деп мамиле жасай турган болдук. Алар COVID-19 менен ооруп калгандай эле обочолонушу керек болот. Андыктан грипп менен коронавирустун айырмасын табабыз деп убара болбой, 5-протоколго киргизилген бир ыкма менен дарылап, көзөмөлгө алабыз", — деди Сооронбаев.

Дарыгер 5-протоколго коронавирус менен ооруп калган боюнда бар аялдарды, балдарды, өнөкөт оорулары бар адамдарды кароо жана дарылоо ыкмалары киргизилгенин да кошумчалады.

219
Белгилер:
дезинфекция, пневмония, коронавирус, Талант Сооронбаев
Тема боюнча
Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!
Министрлик: коронавирусту дарылоонун 5-протоколу даярдалууда
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: Таласта тарыхый жай көрүстөнгө айланып кетиптир

30
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев республика аймагында тагдыры чечиле элек тарыхый жайлар көп экендигин айтты.
Жолдошев: Таласта тарыхый жай көрүстөнгө айланып кетиптир

Талас облусунда тарыхый жай көрүстөнгө айланып бара жатат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик октябрь айында атайын бир жумалык экспедиция менен тарыхый жайларды кыдырган. Анда алыскы аймактарда жайгашып, мурда анчейин көңүл бурулбаган жерлерге басым жасалган.

"Бир жумага созулган экспедициябызда республиканын алыскы, тоолуу аймактарында жайгашып, изилдөө иштери жүрө элек тарыхый жайларды көрүп келдик. Анын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө тарыхый эстелиги бөтөнчө көңүлүбүздү бурду. Анткени бул жерде биздин замандын VI –XIV кылымдарына таандык байыркы Талас шаарынын калдыктары жаткан 30 гектардай жер табылды. Тилекке каршы, анын бир гектардайы көрүстөнгө айланып, тургундар жергиликтүү бийликтин тыюу салганына карабай мүрзө катары колдонуп жатышыптыр", — деди Жолдошев.

Тарыхчы Ак-Дөбө тарыхый баалуу жайы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, келечекте ачык асман алдындагы музейге айландыруу аракети көрүлөрүн кошумчалады.

30
Белгилер:
көрүстөн, тарых, Талас
Тема боюнча
Жолдошев: өлкөдө алгачкы жолу "музей таануучу" адистиги ачылды
Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

0
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты