Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, Айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешова

Эргешова: алгач күнөскананын топурагын дезинфекциялап алуу керек

186
(жаңыланган 18:16 11.11.2020)
Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, Айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешова күнөскана өстүрүү сырлары менен бөлүштү.
Эргешова: алгач күнөскананын топурагын дезинфекциялап алуу керек

Күнөскананын топурагын урук себерден мурда дезинфекциялап алуу зарыл. Бул тууралуу Кызайым Эргешова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Токтогазиев: 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылат

Анын айтымында, күнөскана курууда ошол жердин климатына дыкат көңүл бурбаса, баштаган бизнес текке кетиши мүмкүн. Мисалы, суук аймактарда үч тарабы дубал болгону туура.

"Маселен, кыштын күнү эрте жазда өсүүчү мөмөлөрдү өстүрүү кирешелүү ишкерлик тармагына кирет. Бирок анын мээнети да оор. Ошону менен катар эле бул тармакты жакшылап билбесең, түшүм ала албайсың. Алгач күнөскана кайсы жерге курулуп жатат, ошого маани берүү керек. Мисалы, биз Чоң-Алай, Алайда үч тарабын таштан же калыңдыгы 70 сантиметрге жеткен ылай-дубал менен тосуп жасадык. Мындан сырткары, күн чыгыш жакка каратып, бир тарабына кыйшайып турган күнөсканалар да бар. Буларда жылуулук жакшы сакталып, суук аймактарга курулат. Күнөскананын узундугу 15, туурасы 5-6 көп болсо, сегиз метрден ашпоосу зарыл. Өтө чоң куруп салганда да тиешелүү деңгээлде түшүм жыйнай албай калат. Экинчи маселе урук себиле турган топуракты жана күнөскананын ичин дезинфекциялап алуу керек. Ал үчүн горчица же эрмен, ачуу калемпир, сарымсакты ысык сууга чылап, демдеп, муздаган соң чыпкалап алып эритмени топуракка чачып чыгуу керек. Болбосо алгач горчицаны өстүрүп коюп, ал бир карыштай көтөрүлүп калганда өсүп турган ордунда эле майдалап кетмендеп салса болот. Мындан башка күкүрт кычкылы же атайын дарылар менен дезинфекцияласа да жакшы жардам берет", — деди Эргешова.

Адис ошондой эле өтө суук аймактарда жерди бир метрге чейин чукуп күнөскана жасаса болорун кошумчалады.

186
Белгилер:
түшүм, дезинфекция, күнөскана
Тема боюнча
Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

5
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандыктар келишим боюнча ал жактан да пенсияга чыга алышарын айтты.
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

Түштүк Кореяда эмгектенип келген 20дай мекендеш ал жактан пенсияга чогулткан акчасын кайтарып алышты. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекетке жумушка орношууда келишимде эмгек мигрантынын пенсия маселеси да каралганын көпчүлүгү биле бербейт.

"Түштүк Кореяга келишим аркылуу кетип, мөөнөтү бүткөндө кайтып келген кыргызстандыктардын пенсияга чогулткан акчасы банктык эсебине которулуп жатат. Мындай жол менен 20дай мекендешибиз 3000 доллардан 8000 долларга чейин алышты. Ал жакта пенсияга чыгууда топтомо системасы гана иштейт. Ошондуктан эмгек мигранты айлыгынын 4,5 пайызын, иш берүүчү 4,5 пайызын өздөрүнүн социалдык фондуна которуп турат. Эмгек мигрантынын келишими бүткөн соң, ал Түштүк Кореядан чыгып кетип жатканда чогулган акчаны алып кетсе болот. Бирок муну көпчүлүк мекендештерибиз билбегендиктен, жөн эле учуп келе беришкен. Корея өлкөсү ошол киши жашаган аймактагы социалдык фонддун өкүлчүлүгүнө сурам жөнөтүп, жыйынтыгында эмгек мигранттарынын жеке эсебине акчасын которуп берген учурлар болду. Алардын мыйзамы боюнча адам иштеп кеткен соң беш жыл аралыгында пенсиясына чогулткан акчасын ала алат. Ошондуктан мурда-кийин Түштүк Кореяга келишим менен барып иштеп келген кыргызстандыктар бизге кайрылып, керектүү документтерин берсе биз ал жакка жиберип, ошол учурда топтолгон пенсиясын алдырып бере алабыз", — деди Мукамбетов.

Адис ошондой эле эмгек мигранты Түштүк Кореяда иштеп келген соң көзү өтүп кетсе, анын ошол жакта пенсияга чогулткан акчасын мураскерлери ала алышарын кошумчалады.

5
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Түштүк Корея, Жеңишбек Мукамбетов
Тема боюнча
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив

Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

6
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев контрабандалык жол менен чыгып жаткан айыл чарба продукцияларын токтотуу үчүн фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү милдетин министрликке өткөрүп берүү зарыл деген пикирин билдирди.
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан фитосанитария багытын айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, аталган тармак министрликке өтсө андагы коррупциялык элементтерди жоюп, ишти иретке келтирүүгө министрге бир жума убакыт жетиштүү.

"Бир эле нерсени мисал кылып кетейин. Кыргызстандан расмий түрдө сыртка жылына 5000 тонна жүгөрү чыгарылса, контрабандалык жол менен 500 миң тонна сатылып кетет экен. Муну мага жүгөрү өстүргөндөр өздөрү айтышты. Биз айрым продукциялардын ЕАЭБден башка мамлекеттерге сатылуусуна убактылуу тыюу салдык. Анда жүгөрү дагы бар. Алар келип мындай маалыматты айткан соң эми жүгөрүнү бул тизмеден чыгаралы деп турабыз. Анткени үчүнчү мамлекеттерге сатууну пландаштырып алган дыйкандар жабыркап калышат экен. Ошондуктан фитосанитардык көзөмөл милдетин биздин министрликке өткөрүү керек. Эгер өкмөт бул ишти бизге тапшырса бир жумада тармакты иретке келтирип коюуга сөз берем. Аталган убакытта ишке ашыра албасам мени жумуртка менен чабышсын", — деди Токтогазиев.

Министр ача туяктууларды башка мамлекеттерге сатууга убактылуу салынган тыюунун башкы максаты сыртка чыгарылып жаткан ургаачы малдардын санын азайтуу болгондугун кошумчалады.

6
Белгилер:
көзөмөл, контрабанда, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Эргешова: күнөскана үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым жасоо керек
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

0
(жаңыланган 16:34 28.11.2020)
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

0
Белгилер:
милиция, маршрутка, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Талкаланып кеткен... Бишкек – Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады