Билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров

Сайназаров: директорлор мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калышты

143
Билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров бүгүнкү күндө директорлордун аброю түшүп, алар мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калганын айтты.
Сайназаров: директорлор мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калышты

Учурда директорлор билим берүүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу эмес, ар кайсы жакка кайрылып, кантип мектебин жаңылап, жылуулап же оңдоп түзөөдөн өткөрүп алса болот деген маселе менен баш оорутуп жүрөт. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы мезгилде мектеп директорун дайындоо үчүн так критерий жок.

"Мектеп директорлорун дайындоодо райондук билим берүү бөлүмү менен акимдин ой пикири омоктуураак болууда. Анда талапкердин билим берүү тармагын, мектепти алдыга алып кете ала турган компетенттүүлүгү тууралуу такыр сөз болбойт. Кээде саясатташып кеткен учурлар да бар. Эгер мектеп директорлорун тандоо боюнча дүйнө жүзүндө колдонулган тактиканы алып карасак, биринчи кезекте талапкер бул жаатта дасыккан менеджер, уюштуруучу болушу шарт. Ошондой эле коллектив менен иштөө сапаттары мыкты, педагогикалык лидерлиги күчтүү болушу зарыл. Мына ушул үч тутум менен тандоо туура. Директор окуучулардын сапаттуу билим алышына жана мугалимдерге шарт түзүп, мектептин билим деңгээлин дагы да көтөрүүнү ойлонушу керек. Директорлорду ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү сунушу абдан туура. Бирок ошону менен бирге шайланып келген директор беш жылдын ичинде жакшы жыйынтык берем деген контракт түзүшү керек. Мисалы, беш жылдын жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрүмдүн 20 пайызы эл аралык мыкты университеттердин студенттери болот деген сыяктуу. Ошондой эле беш жыл мыкты иштеген мүдүргө кийинки жылы кайра эле шайланып келишине мүмкүнчүлүк берген оң. Андан тышкары, анын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап чектөө койгон туура эмес", – деди Сайназаров.

Серепчи мүдүрдүн жумушунда ачыктык, калыстык болуп жана жасалган иши тууралуу отчёт берилип турса эле коррупциялык схема болбой турганын кошумчалады.

143
Белгилер:
мектеп, Кеңешбек Сайназаров, билим, министр
Тема боюнча
Министр: мектеп директорлорун 5 жылга шайлоо механизми ишке кириши мүмкүн
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова

Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

28
(жаңыланган 14:54 04.12.2020)
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова кыз-келиндер жумуш ордунда укугу тебеленген учурда тиешелүү органдарга көп кайрылбай келерин айтты
Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

Кыргызстанда адам укугу бузулган учурда 115, 111 же 102 телефондоруна чалса болот. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жарандык жоопкерчилик төмөн болууда.

"Бизде балдардын же аялдардын укугу бузулган учурлар көп. Анткени бул маселелер боюнча коомчулук тартынбай кайрылганга үйрөнүп калды. Бирок ошол эле учурда кыз-келиндердин кызмат ордунда укугу бузулса, ачык айткандан уялышат. Буга биздин менталитет бир жагынан жол бербесе, экинчиден, кайрылган күндө да тергөөчүлөр ишти дыкат карабай коюп жатышат. Андыктан биз коомчулукту бул маселеде ачык болууга үйрөтүшүбүз керек. Эгер жумуш ордунда аялга карата орой мамиле, ыксыз тийишүүлөр болсо, тартынбай 115 номерине чалыңыздар", — деди Бообекова.

Ал жарандар кошунанын үйүндө же көчөдө болуп жаткан ызы-чууга кайдыгер карабай тиешелүү органдарга кайрылуусу зарыл экендигин кошумчалады.

28
Белгилер:
мамиле, кызмат, укук
Тема боюнча
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

19
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

19
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

Бишкектин чок ортосундагы эскилиги жеткен 4 имарат түрттүрүлөт. Тизме

0
(жаңыланган 16:40 04.12.2020)
Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен эски имараттарды жаңылоо пландалып жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы эски административдик имараттарды бузуп ордуна жаңысын салуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен ишке ашыруу пландалууда. Министрлик кызыкдар болгон жеке курулуш компанияларын иштешүүгө чакырган жарыя тараткан. Азырынча төрт объектини түрттүрүү пландалып жатат. Жаңы имараттар курулуш компанияларынын эсебинен салынып, 30 жылга чейин алардын колдонуусуна берилет. Бул мөөнөт аяктаган соң имарат мамлекеттин балансына өтөт.

Авариялык абалдагы имараттардын тизмеси:

Раззаков, 17 дарегинде имарат 1940-жылы курулган. Аянты — 0,135 гектар. Аймагында эки кабаттуу эки имарат бар. Биринчисинин жалпы аянты 392,5 чарчы метр болсо, экинчисиники 378,1 чарчы метр. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, объект бош.

Мэриянын маалыматына караганда, бул жерге көп кабаттуу имарат курууга болбойт. Себеби өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө жол жок болуп калат. Аянтты эске алуу менен ал жерге үч кабаттан ашпаган объект салуу сунушталат.

Гоголь, 94 дарегиндеги имарат дагы бош турат. Ал 1958-жылы курулган. Аянты 0,1392 гектар. Мында бир кабаттуу негизги имарат жана 146,6 чарчы метр жерди ээлеген курулуш бар. Мэрия бул жерге дагы үч кабаттан ашпаган имарат курууга болорун эскертти.

Бөкөнбаев, 182 дарегинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кеңсеси жайгашкан. Имарат 1937-жылы салынган. Жердин аянты 0,2130 гектар. Эки кабаттуу имараттын аянты 890,4 чарчы метр. Ал эми жанындагы курулуштун аянты 148,2 чарчы метр. Мэрия бул жерге тогуз кабаттуу имарат курса болорун болжоп жатат.

Раззаков, 43 дарегинде Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жайгашкан. Имарат 1950-жылы курулган. Жердин аянты 0,0618 гектар. Ал эми негизги имараттын аянты 516,3 чарчы метр. Жанындагы курулуштуку — 79,5 чарчы метр.

Эгер жеке уюмдарда кандайдыр бир сунуш болсо (0312) 66-47-31 (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору) же (0312) 66-07-39 (Мамлекеттик имараттар департаменти) номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

0
Белгилер:
түрттүрүү, имарат, Бишкек