Аялдардын дүйнөлүк ишкерлик күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси, Курак аялдар форумунун негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Сагынбаева

Сагынбаева: пандемияда эркектерге караганда аял ишкерлердин бизнеси жабыркады

61
Аялдардын дүйнөлүк ишкерлик күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси, "Курак" аялдар форумунун негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Сагынбаева 19-ноябрда "COVID-19: бири-бирибизге жардам берүү убактысы!" деген лозунг менен аял ишкерлердин күнү белгиленерин айтты.
Сагынбаева: пандемияда эркектерге караганда аял ишкерлердин бизнеси жабыркады

Аял ишкерлердин күнүн майрамдоонун негизги идеясы — аялдардын лидерлигин, жашоонун экономикалык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстан кыз-келиндеринин руханий, жеке жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү. Бул тууралуу Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аялдар көбүнчө чакан бизнес менен алектенишет.

"Бүгүнкү күндө Скандинавия, Америка сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде аял ишкерлерге арналган мамлекеттик программалар бар. Аялзаты ишкерликке салымын кошкон сайын ошол аймактын ИДПсы көбөйөт. Мамлекеттин экономикасы канчалык жогору болсо, ошончолук балдар, ата-энелерибиз жакшы жашайт. Мисалы, КР калкынын 52%ын аялдар түзөт. Бул чоң ресурсту пайдалана билүү керек. Ошончо адамды иштетпей отургузуп койгонду элестетсеңиздер. Ал эми пандемия эркектердикине салыштырмалуу аял ишкерлердин жумушуна терс таасирин тийгизди. Siar research and consulting компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, аял ишкерлердин 60%дан ашыгы кирешеси төмөндөп кеткенин айтышкан. 31%ы таптакыр ишин уланта албай калды. Акчасын балдарына реинвестиция кылгандыктан бизнесине салганга каражаты артпай калып жатат. Ал эми бул жылы 19-ноябрда, аял ишкерлердин күнүнө карата, үч күнгө созулган онлайн иш-чара болот. Анда маркетинг, сүйлөшүү, убакытты туура пайдалануу, инсандык өсүү боюнча тренингдер жана сүрөт тартуу, сайма саюу боюнча мастер-класстар өтүлөт", — деди Сагынбаева.

Ал окутуулар кыргыз, орус, англис тилинде болорун жана иш-чара онлайн өткөрүлгөндүктөн бардык аймактардагы айымдардын катышуу мүмкүнчүлүгү болорун кошумчалады.

61
Белгилер:
иш-чара, форум, аял, ишкер, Айнура Сагынбаева
Тема боюнча
Карыбекова: кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары пандемиядан улам эмдиги жылы өтөт
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

8
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандыктар келишим боюнча ал жактан да пенсияга чыга алышарын айтты.
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

Түштүк Кореяда эмгектенип келген 20дай мекендеш ал жактан пенсияга чогулткан акчасын кайтарып алышты. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекетке жумушка орношууда келишимде эмгек мигрантынын пенсия маселеси да каралганын көпчүлүгү биле бербейт.

"Түштүк Кореяга келишим аркылуу кетип, мөөнөтү бүткөндө кайтып келген кыргызстандыктардын пенсияга чогулткан акчасы банктык эсебине которулуп жатат. Мындай жол менен 20дай мекендешибиз 3000 доллардан 8000 долларга чейин алышты. Ал жакта пенсияга чыгууда топтомо системасы гана иштейт. Ошондуктан эмгек мигранты айлыгынын 4,5 пайызын, иш берүүчү 4,5 пайызын өздөрүнүн социалдык фондуна которуп турат. Эмгек мигрантынын келишими бүткөн соң, ал Түштүк Кореядан чыгып кетип жатканда чогулган акчаны алып кетсе болот. Бирок муну көпчүлүк мекендештерибиз билбегендиктен, жөн эле учуп келе беришкен. Корея өлкөсү ошол киши жашаган аймактагы социалдык фонддун өкүлчүлүгүнө сурам жөнөтүп, жыйынтыгында эмгек мигранттарынын жеке эсебине акчасын которуп берген учурлар болду. Алардын мыйзамы боюнча адам иштеп кеткен соң беш жыл аралыгында пенсиясына чогулткан акчасын ала алат. Ошондуктан мурда-кийин Түштүк Кореяга келишим менен барып иштеп келген кыргызстандыктар бизге кайрылып, керектүү документтерин берсе биз ал жакка жиберип, ошол учурда топтолгон пенсиясын алдырып бере алабыз", — деди Мукамбетов.

Адис ошондой эле эмгек мигранты Түштүк Кореяда иштеп келген соң көзү өтүп кетсе, анын ошол жакта пенсияга чогулткан акчасын мураскерлери ала алышарын кошумчалады.

8
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Түштүк Корея, Жеңишбек Мукамбетов
Тема боюнча
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив

Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

197
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев контрабандалык жол менен чыгып жаткан айыл чарба продукцияларын токтотуу үчүн фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү милдетин министрликке өткөрүп берүү зарыл деген пикирин билдирди.
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан фитосанитария багытын айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, аталган тармак министрликке өтсө андагы коррупциялык элементтерди жоюп, ишти иретке келтирүүгө министрге бир жума убакыт жетиштүү.

"Бир эле нерсени мисал кылып кетейин. Кыргызстандан расмий түрдө сыртка жылына 5000 тонна жүгөрү чыгарылса, контрабандалык жол менен 500 миң тонна сатылып кетет экен. Муну мага жүгөрү өстүргөндөр өздөрү айтышты. Биз айрым продукциялардын ЕАЭБден башка мамлекеттерге сатылуусуна убактылуу тыюу салдык. Анда жүгөрү дагы бар. Алар келип мындай маалыматты айткан соң эми жүгөрүнү бул тизмеден чыгаралы деп турабыз. Анткени үчүнчү мамлекеттерге сатууну пландаштырып алган дыйкандар жабыркап калышат экен. Ошондуктан фитосанитардык көзөмөл милдетин биздин министрликке өткөрүү керек. Эгер өкмөт бул ишти бизге тапшырса бир жумада тармакты иретке келтирип коюуга сөз берем. Аталган убакытта ишке ашыра албасам мени жумуртка менен чабышсын", — деди Токтогазиев.

Министр ача туяктууларды башка мамлекеттерге сатууга убактылуу салынган тыюунун башкы максаты сыртка чыгарылып жаткан ургаачы малдардын санын азайтуу болгондугун кошумчалады.

197
Белгилер:
көзөмөл, контрабанда, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Эргешова: күнөскана үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым жасоо керек
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив

Апам менен аялымдын урушунан тажадым. Мигрант болуп кетүүнү көздөгөн жигиттин каты

0
(жаңыланган 19:25 28.11.2020)
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет энеси менен аялынын ортосунда чайналган эркектин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мен сиздер аркылуу психологго кайрылууну туура көрдүм. Себеби үйдөгү аба ырайы ошондой болууда. Азыр менден бирөө "эркектер үчүн үйдөгү эң кыйын маселе эмне?" деп сураса багып өстүргөн алтындай энең менен сүйүктүү жубайыңдын тил табыша албагандыгы деп айтар элем. Муну угуп кээ бир жолдошторум мыйыгынан күлөт чыгар. Мен деле буга чейин бул үй-бүлөлүк олуттуу маселе экенин этибар албапмын. Бойдок кезде "келинчегим апама сүйлөсө жолуна салам" дечүмүн. Көрсө ажырашып кетүү менен эле баары бүтүп калбайт экен.

Өзүм үйдүн жалгыз уулумун. Эжем турмушка чыгып кеткен. Өзүмдүн бир кыз, бир уулум бар. Келинчегим балдар менен үйдө. Апам деле эки күндө бир нөөмөттүк жумушка чыгып турат.

Үйдөгү эки жакын адамым, энем менен жубайымдын бири-бирине жасаган мамилесинен тажап бүттүм. Кээде апама болушуп келинчегимди катуу урушуп салам. Андайда ал ыйлап, буркулдап кыялын көрсөтөт. Апамды тыйсам, ал киши да ыйлап, ар нерсени айтып зээнди кейитет. Эмне кыларды билбей деле калдым. Ажыраша да албайм. Экинчисин алсам ушул эле кырдаал кайталансачы? Эки баламдын тагдыры эмне болот? Өгөйлөнүп кор болору турган иш. Келинчегимди жакшы көрөм. Апам да биздин жакшылыгыбызды көрөйүн деп ушул эрезеге жеткирди. Келинчегим үй оокатынын баарын кылат, балдарды карайт. Бирок апамды көрсө эле кабагы бүркөлүп, жаман көрөрү билинип калат. Мага бул оор тиет. Апам деле неберелерин ойнотот, татынакай эле жүрөт. Бирок келинчегимдин оокат кылганын, кээ бир мүнөздөрүн жактырбай бетине айтып салат. Ошентип экөөнүн урушу башталат. Ортодо мен да беймаза болом.

Бир жылча чет жакта иштеп келсемби деп жатам. Сабак болобу деп ойлойм. Чынында үйгө келгим келбей калды. Дагы башка кандай аргам бар?

Саадат Сыдыкова, психолог:

—"Массалык психология жана адамдын "Менине" (Я) анализ жасоо" ишинде Фрейд белгилүү философ Артур Шопенгауэр айткан уламышты мисал кылат. Уламыш боюнча баш калкалоочу жайы жок бир нече жапайы жандык суукта калат. Алар бири-бирине жакын, жабышып, бири-бирин жылытууну каалайт. Бирок анткен сайын ортодогу абал мурункудан да кыйындайт. Себеби бирөөлөрүнүн ийнелери экинчилеринин терисин тешип кетип же мүйүзү тоскоолдук жаратып кыйналышат. Алар канчалык жакшылык кааласа да анысы, тескерисинче, жамандык алып келе берет. Акыры тажаган жапайы жандыктар өз алдынча аракет кылып, жашоо менен күрөшүүгө өтүшөт.

Тилекке каршы, турмушта да кээде эң жакын, кыйышпас адамдарыбыз жашообузду кыйындатып, оор кырдаалга кептеп коёт. Каттын ээси да эки аялдын ортосунда жабыр тартууда. Бирок үйдөгү эки айым тең сизди абдан жакшы көрүшөт. Кыйышпас жакын адамдарыңыз. Бул жерде ич ара конструктивдүү диалогго келүүнүн зарылчылыгы бар.

Бирок апаңыз менен келинчегиңиз сиз менен гана мамиле түзүп, башкача айтканда, "диаданы" (эки кишинин мамилеси) көздөп жатышат. Негизинен энелер баласын төрөлгөндө эле психологиялык жактан өз алдынча бөлүп коюшу керек. Баланы бешикке бөлгөндөй эле эмоционалдык жактан өз алдынча коюу зарыл.

Ушундай оор кырдаалда кат менен кайрылган мырзанын баарынан качып, алыска кетип калууну көздөгөнү өкүнүчтүү. Тилекке каршы, мындай жол менен үй-бүлөнүн пайдубалы урап калышы мүмкүн. Биз талкаланып калган көп эле үй-бүлөлөрдүн тагдырына күбө болуп жүрбөйлүбү. Ошондуктан кайнене менен келин үйдөгү мамилени жана абалды жөнгө салуу жагын карашы керек. Антпесе алар жакын адамынын эмоциялык туруктуулугун талкалап салат.

0
Белгилер:
үй бүлө, апа, эркек, аял, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Ата-энем балалуу аял алышыма каршы чыгып, айлам кетти. Жесил эркектин каты
Бетиме пластикалык операция жасаткам, жигитим билип калабы деп корком. Кыздын каты