Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев

Джеембаев: келечекте айдоочулук күбөлүктү смартфонго көчүрүп алса болот

341
(жаңыланган 16:20 19.11.2020)
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү кантип колдонсо боло турганын айтып берди.
Джеембаев: келечекте айдоочулук күбөлүктү смартфонго көчүрүп алса болот

Айдоочулук күбөлүктү смартфонго көчүрүп алса боло турган долбоор сынамык иретинде борбор калаада иштеп баштайт. Бул тууралуу Тилек Джеембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылынын алкагында ишке ашырылып, казынадан эч кандай чыгым болбойт.

"2021-жылдын башынан аягына чейин айдоочуларга жеңилдиктерди берген атайын долбоор сынамык иретинде борбор калаада иштейт. Адатта унаа ээлери айдоочулук күбөлүгүн же транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн (техпаспорт) үйгө унутуп калган учурлар болот. Бул жол коопсуздугун камсыздаган кызматтар менен кездешкенде түшүнбөстүк жаратуусу ыктымал. Мына ошол маселени аталган долбоор чечет деген ойдобуз. Долбоорго ылайык, айдоочулук күбөлүктү смартфонго киргизип алса болот. Ал үчүн атайын тиркемени көчүрүп алуу зарыл. 2017-жылдан кийин алынган айдоочулук күбөлүктөрдүн ээси автоматтык түрдө каттала алат. Ал эми андан мурдагылар калкты тейлөө борборлорго кайрылып смартфонго киргизип алса болот. Аны жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер өздөрүнүн планшеттери аркылуу текшере алат. Болгону 90-жылдары берилген китепче түрүндөгү айдоочулук күбөлүктөр базага толук кире электигине байланыштуу бул мүмкүнчүлүк берилбейт", — деди Джеембаев.

Ошондой эле ал аталган долбоор жакшы натыйжаларды көрсөтсө, республикага жайылтуу колго алына турганын кошумчалады.

341
Белгилер:
долбоор, күбөлүк, айдоочу, санариптешүү
Тема боюнча
Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктөр ишке кириши мүмкүн. Долбоор
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова. Архив

Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

31
(жаңыланган 15:37 01.12.2020)
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи.
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

Республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2 072си Бишкек шаарында. Бул тууралуу Аида Карагулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, аталган илдетти жуктуруп алгандар эң көп катталган аймак — Чүй облусу.

"Соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо боюнча иш-аракеттер жакшы болуп жатат. Акысыз тестирлөө боюнча ар кандай акциялар жүргүзүлүүдө. Статистикага токтоло турган болсок, жалпысынан алганда республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2072 киши Бишкек шаарында катталган. Алдыңкы орунда Чүй облусу, бардык катталгандардын 21 пайызы Бишкек шаарында, 16 пайызы Ош облусунда жана 11 пайызы Жалал-Абадда жашайт. Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталып жатышына ички жана тышкы миграция себеп болуусу ыктымал", — деди Карагулова.

Ал ошондой эле ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга коронавирус кандай таасир эте турганы изилдене электигин кошумчалады.

31
Белгилер:
миграция, коронавирус, СПИД
Тема боюнча
Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

73
(жаңыланган 12:19 01.12.2020)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунан тамактануу боюнча дагы маалыматтарды алса болорун белгиледи.
Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

Таңкы тамактануу "нанүштө", түшкө маал тамак ичүү "түштөнүү", ал эми кечки курсак тойгузуу "жагына" деп аталат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, мындай сөздөр эпосто колдонулуп, ал тургай кандай тамактануу туура боло турганы айтылган.

"Көбүнесе тамактанууну эртең мененки, түшкү жана кечки деп бөлүп айтылып жүрөт. Айрым учурда бул дагы колдонулбай "завтрак, обед, ужин" делип орусчасы колдонулууда. "Манас" баянында таңкы тамактануу "нанүштө" делип, анда жеңил-желпи тамак желген. Ал эми "түштөнүүдө" абдан күчтүү тамактануу зарылдыгы белгиленген. Ошол эле эпосто кечки курсак тойгузуу "жагына" делип, ал өтө кечке калтырылбастыгын аңдасак болот", — деди Талантбеков.

Манасчы эпостогу көөнө сөздөрдү колдонуп аны коомго жайылтуу керектигин кошумчалады.

73
Белгилер:
тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

11
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

11
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты