Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усеналиев: олимпиадаларды декабрда баштоону пландап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев. Архив
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев 2020-2021-окуу жылында олимпиадалар өткөрүлөрүн айтты.
Усеналиев: олимпиадаларды декабрда баштоону пландап жатабыз

Быйыл олимпиадаларды декабрь айында өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билим жарышынын кандай режимде өтөрү азырынча белгисиз.

"Жыл сайын билим олимпиадалары ноябрь айында өтчү. Пандемияга байланыштуу быйыл декабрга жылдырдык. Өткөрбөй коюуга акыбыз жок. Анткени ага катышуу ар бир окуучунун укугу. Кырдаал кандай болгон күндө да биз окуучуларыбыздын укугун чектебешибиз керек. Андыктан мектептерде өтө турган биринчи этабы декабрь айына белгиленди. Олимпиадалар реалдуу режимде өткөрүлөт, эгер абал мүмкүнчүлүк бербесе, онлайн тартибинде уюштурууга да даярбыз", — деди Усеналиев.

Педагог өзү каалаган окуучулар да олимпиадага жеке демилгеси менен келип катыша аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0