Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары, педиатр Диляра Исхакова

Исхакова: өз маалына чейин эмчек эмген бала кылмыштуулуктан оолак өсөт

67
Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары, педиатр Диляра Исхакова өлкөдө балдардын ден соолугун бекемдөө жана чыңдоого багытталган көптөгөн программалар бар экенин белгиледи.
Исхакова: өз маалына чейин эмчек эмген бала кылмыштуулуктан оолак өсөт

Эмчек эмген бала мээримдүү, ата-энеге жакын болуп, кылмыштуулуктан оолак чоңоет. Бул тууралуу Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда айрым энелер ар кандай себептер менен баланы эмчектен эрте чыгарып салууда.

"Баланын ден соолугу жакшы болушу үчүн бойго бүткөндөн тарта эненин саламаттыгына жакшы кам көрүү зарыл. Бала төрөлгөндөн баштап анын туура тамактануусу, жашоосу ата-эненин көзөмөлүндө болушу керек. Өкүнүчтүүсү — көптөр жумушка карап, ден соолугуна же сулуулугуна кам көрөм деп баланы эмчектен эрте чыгарып салууда. Бул туура эмес. Анткени 1,5-2 жашка чейин эмчек эмген баланын ден соолугу бекем, ар кандай дарттардан оолак болот. Андан тышкары, эмчек эмген бала мээримдүү, ата-энеге күйүмдүү болуп чоңоет. Көбүнесе мындай балдар эрезеге жеткенде кылмыштуулукка барбайт. Бекеринен "бардык жакшы нерсе күндүн нурунан, анан эненин сүтүнөн" деп айтылбайт", — деди Исхакова.

Дарыгер эмдөөдөн өткөрүү дагы көптөгөн жугуштуу жана коркунучтуу дарттардын алдын ала турганын кошумчалады.

67
Белгилер:
ымыркай, ата-эне, эмизүү, эмчек
Тема боюнча
Эне жана баланы коргоо борборунда 200 млн. сомдук жаңы корпус ачылды. Сүрөттөр
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Түркиядагы мигранттар ошол жактан пенсия, жөлөк пул ала алышат

38
(жаңыланган 16:55 25.11.2020)
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга ошол мамлекеттен пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн айтты.
Мукамбетов: Түркиядагы мигранттар ошол жактан пенсия, жөлөк пул ала алышат

Түркияда иштеп жүргөн мекендештерибиз эми ал мамлекеттен пенсияга чыгып, зарылчылык жаралган учурда жөлөк пул да ала алышат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган келишим ушул жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирди.

"Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге ылайык, эми ал жакта иштеп жүргөн мекендештер жаш курагы жеткенде расмий түрдө пенсияга чыга алышат. Ошондой эле иштеп жүргөн учурунда кош бойлуу болуп калса же башка бир зарылчылык жаралса, жөлөк пул да чегерилет. Аталган мыйзам ушул жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирди. Учурда жаш курагы жеткен эмгек мигранттары пенсияга документтерин тапшырып жатышат. Келишимдин аткарылышы Түркиянын ички мыйзамдарынын негизинде ишке ашат", — деди Мукамбетов.

Ал ошондой эле Түркиядан пенсия, жөлөк пул алып иштөө үчүн жумушка расмий түрдө кирүү зарылдыгын кошумчалады.

38
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Түркия, Жеңишбек Мукамбетов
Тема боюнча
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев. Архив

Сагынбаев: кен байлыктарды электрондук аукционго коюу колго алынууда

11
(жаңыланган 15:48 25.11.2020)
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кен казуу үчүн берилген лицензиянын баасы жогору болушу керектигин айтты.
Сагынбаев: кен байлыктарды электрондук аукционго коюу колго алынууда

Кен байлыктарды иштетүүгө берилген лицензияларды электрондук аукцион аркылуу сатуу колго алынат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки лицензияларды аукцион жана сынак аркылуу сатуу өзүн жарым-жартылай актаган.

"Өлкөнүн тоо-кен байлыктары арзан кетпеши керек. Ошондуктан алардын баштапкы наркын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу максатында атайын электрондук аукцион программасы иштелип чыгып жатат. Эгерде аталган программа толук кандуу иштеп баштаса кен байлыктардын баасын, сапатын жана башка маалыматтарды чет өлкөдөгү инвесторлор онлайн көрө алат", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү кен байлыктарды иштетүүнү жөнгө салууда күмүш жана жезди иштетүүгө лицензия берүү үчүн мораторий киргизилгенин кошумчалады.

11
Белгилер:
коррупция, аукцион, кен байлыктар, Жыргалбек Сагынбаев
Тема боюнча
Кыргызстанда алтын жана күмүш казууга лицензия берүү убактылуу токтоду
Мамлекеттик кызматкерлер жыйын учурунда. Архив

Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси

78
(жаңыланган 21:48 25.11.2020)
Кеңешменин курамына жаңы киргендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмер, юрист жана укук коргоочулар бар. Ал эми кеңешмедеги ЖК депутаты Канат Керезбеков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу чыгарылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 10 адам кошулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешменин курамы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык өзгөргөн.

"Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгү эске алынды. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартып, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелери жетекчиликке алынды", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, кеңешмеден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ЖК депутаты Канат Керезбеков чыгарылган.

Кеңешме курамына 10 киши кошулду. Алар:

  • Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  • Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  • Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Төлөйкан Исмаилова — "Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
  • Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
  • Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  • Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  • Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  • Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.
78
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт