Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малдыбаев: коронавирустан улам Бишкекте айрым курулуштар токтотулду

© пресс-служба мэрии города Бишкек Улук ШамбетовБишкек мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев. Архив
Бишкек мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев коронавирустан улам шаар бюджети толук жыйналбай калганын маалымдады.
Малдыбаев: коронавирустан улам Бишкекте айрым курулуштар токтотулду

Бишкек шаарынын бюджетинин кыскартылганына байланыштуу айрым курулуштар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Адилет Малдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгү теңдештирилген. Башкача айтканда, киреше канча болсо, чыгаша дагы ошончо болушу шарт.

"Кийинки жылга карата социалдык-экономикалык абалды божомолдогон өкмөт тарабынан бекиген атайын ыкма бар. Ага ылайык, ИДП, тейлөө жана башка жагдайларды эсептеп, келе жаткан жылдагы кирешелерди аныктоого мүмкүн болот. Буга жараша чыгашалар дагы түзүлөт. Быйылкы жылдын киреше-чыгашасы 10,2 миллиард сомду түзгөн. Алты айдын жыйынтыгы менен коронавируска байланыштуу кризистен улам 174 миллион сом кыскартылган. Андан тышкары, республикалык бюджеттен мэриянын чыгашаларын бир миллиард сомдой кыскартуу маселеси коюлган. Эсептердин негизинде шаар бюджетинен 505 миллион сом кыскартуу боюнча долбоорду шаардык кеңешке киргиздик. Натыйжада айрым курулуштар убактылуу токтоп турат. Ошол эле сейил бактардын, веложолдордун салынышы кийинки жылга чейин токтотулду", — деди Малдыбаев.

Ал шаардык бюджеттен каржыланган мекемелердин бюджетин дагы оптималдаштыруу аркылуу каражатты үнөмдөө колго алынып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0