Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: Алай тоолорунан табылган петроглифтер коло доорунан башталат

77
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев талкаланып жатканы социалдык тармак аркылуу белгилүү болгон тарыхый жай тууралуу айтып берди.
Жолдошев: Алай тоолорунан табылган петроглифтер коло доорунан башталат

Алай тоолорунан табылган петроглифтер Кара-Суу районуна карап, Загара өрөөнү деп аталат. Алар коло доорунан тартып сактар дооруна чейинки түшүрүлгөн сүрөттөр экени маалым болду. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакты туристтик жайга айландыруу пландары коюлду. Анткени жаратылышы абдан кооз келип, көл да бар.

"Алай тоолорунда жаткан петроглифтерди көмүр казуу максатында бир компания талкалап, жол салып жаткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Ал коомчулуктун кыжырдануусун жаратып көптөгөн нааразычылыктарды туудурган. Маданият министрлигинин өкүлдөрү тарыхый жайларга болгон бир жумалык экспедициясында бул жерге да барып келишти. Анда коло доорунан тарта сактар заманына чейинки петроглифтерди көрүүгө болот. Тагырак айтканда, биздин заманга чейинки 2000-жылдыктан биздин замандын 1000-жылына чейин бул аймакта адамдар жашаганын айгинелейт. Бул абдан уникалдуу көрүнүш. Дагы бир таң калычтуу жагдай, ташка түшүрүлгөн сүрөттөр мыкты стилде тартылган. Андан грифон (грифон — денеси арстан, башы бүркүттүкүндөй болгон мифологиялык куш ред.) аюу, бугу, аңчылык кылып жаткан адамдардын элестерин кезиктирдик. Булар ар кайсы доорго таандык", — деди Жолдошев.

Тарыхчы аталган аймактын аянтын белгилөө иштери 2021-жылга пландаштырылгандыгын кошумчалады.

77
Белгилер:
көрүстөн, тарых, Алай району
Тема боюнча
Жолдошев: өлкөдө алгачкы жолу "музей таануучу" адистиги ачылды
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

45
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов мээ шишиктерине күнүнө ондон операция жасалып жатканын айтты.

Мээнин шишиги эмнеден пайда болору дагы деле белгисиз. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда, тукум куучулук, радиация, экологиянын бузулушу, андан сырткары, химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы он жылда компьютердик томография жайылып, элге жеткиликтүү болуп калгандан кийин диагностика кыйла жеңилдеп калды.

"Адамдын мээси дагы деле толук изилденип бүтө элек табышмактуу орган. Ошондуктан мээ, жүлүн ооруларынын диагнозун коюу, дарылоо абдан татаал. Жыл өткөн сайын нейрохирургияга байланыштуу изилдөөлөр жүрүп, жыйынтыгын окумуштуулар жарыялап жатат. Ошентсе да булар органды толук таанып-билүү үчүн жетишсиздик кылат. Кыргызстанда акыркы он жылда нейрохирургиянын абалы жакшырды. Мээге операция жасоонун заманбап, жогорку технологиялык ыкмалары жайылууда. Бейтаптарга инвазивдик операция жасап жатабыз. Жыл өткөн сайын баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алгандар көбөйүп бара жатат. Өзгөчө автоунаа кырсыктарынын кесепетинен мээси жабыркаган бейтаптар көп болууда. Көпчүлүгү майып болуп калып же толук жакшы болуп кете албай жатышат. Андыктан бул маселеге да көңүл бурулушу керек. Ошону менен бирге мээ шишиктеринен жабыр тарткан бейтаптар да көп. Күнүнө ондон операция жасап жатабыз. Шишик негизги кан тамырды каптап өсүп калган учурлар болот. Ошондуктан мээдеги шишикти башка органдардагыдай кылып толук алып сала албайбыз. Убакыт өткөндөн кийин ал кайра өсө берет. Шишик мээдеги тамырларды кысканда бейтаптын бир капталы иштебей, шал болуп же сүйлөй албай калат. Азыр оорулуу 90 пайыз жакшы болуп кетсе,  биз үчүн чоң жеңиш", — деди Ырысов.

Нейрохирург мээдеги залалдуу шишикке караганда залалсызы өтө кооптуу экенин, себеби ал химиялык нур менен дарылоону тоготпой турганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

45
Белгилер:
шишик, диагноз, мээ, Кеңешбек Ырысов
Тема боюнча
Мээни керексиз маалыматтардан кантип тазалоо керек. Адистин кеңеши
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров

Сайназаров: билим берүүдө ата-энелер төлөгөн акчаны расмийлештириш керек

21
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров аталган тармакты толук акысыз кылуу саясаты анын сапатына терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Кыргызстан Орто Азияда билим берүүгө эң көп каражат короткон өлкө болуп эсептелет. Жыл сайын республиканын жалпы чыгымдарынын 20 пайыздан ашыгы ушул тармакка жумшалат. Бул тууралуу Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Сайназаров: билим берүүдө ата-энелер төлөгөн акчаны расмийлештириш керек

Анын айтымында, билим берүү тармагында ата-энелер төлөп жаткан акчаларды ачыктап, расмийлештирмейин аталган багытта өнүгүү болбойт.

"Өлкө билим берүүгө болушунча көңүл бөлүп, жылына эбегейсиз акча короткону менен анын жыйынтыгы начар болууда. Буга толугу менен акысыз билим алуу саясаты себепкер. Дүйнөдө бекер окуткан бир гана СССР болгон. Андан башка бир да өлкөдө билим берүү жүз пайыз бекер эмес. Эгемендүү Кыргызстан да ушул системага өтүшү керек. Башкача айтканда, мамлекеттик жана жеке менчик биргеликте иш алып барганы зарыл. Мисалы, мамлекет кайсы кызматтарды акысыз, бирок сапаттуу көрсөтөрүн ачыктайт. Ошону эске алуу менен ата-энелердин каражатына берилчү башка кызматтарды сунушташы керек. Ансыз деле учурда баласын окутуу үчүн алар каражат кетирип жатышпайбы. Ар бир мектепте ата-энелер фонду бар. Мына ушуларды расмийлештирүү зарыл. Бирок бул жерде маанилүү нерсе, акчасы барларга башка шарт, жокторго өзгөчө мамиле эмес, баланын зээндүүлүгү, билимге болгон кызыгуусу эске алынып, өзүнчө механизмдер иштелип чыгуусу абзел",— деди Сайназаров.

Эксперт ушундай жолго өткөндө гана билим берген тараптын да, окуп жаткандардын да жоопкерчилиги күчөп, иштин сапаты артарын кошумчалады.

21
Белгилер:
система, каражат, илим, билим, Кеңешбек Сайназаров
Тема боюнча
Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз
Президенттин оператору Улан Сатиев. Архив

Президенттин оператору Улан Сатиев КТРК директорунун орун басары болуп бекитилди

0
(жаңыланган 20:26 29.07.2021)
Сатиев буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп, анда көпчүлүк добуш менен Улан Сатиевди башкы директордун орун басары ордуна бекиттик. Аны куттуктап, ийгилик каалап коёлу", — деп жазган Керимбаев.

Белгилей кетсек, Улан Сатиев 23-июндан бери Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жаткан.

Ага чейин ал президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

0
Белгилер:
дайындоо, Улан Сатиев, Байкоочу кеңеш, кызмат, директор, КТРК
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун облустардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме
Бишкек шаарынын Октябрь районуна жаңы жетекчи келди. Сүрөт