Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын пофессорунун милдетин аткаруучу, айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешова

Эргешова: күнөскана үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым жасоо керек

45
Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын пофессорунун милдетин аткаруучу, айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешова күнөсканада бадыраң, помидор өстүрүү ыкмаларын айтып берди.
Эргешова: күнөскана үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым жасоо керек

Күнөсканага гибриддик өсүмдүктөрдүн уругун себүү керек. Кадимки сорттор жөнөкөй талааларга ылайыкташкан. Бул тууралуу Кызайым Эргешова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, бадыраңды аз-аздан, тез-тез сугарып турса топурагы катып калбайт.

"Күнөсканада көбүнесе бадыраң жана помидорлорду эгишет. Экөө тең биздин климатта оңой өсүп, бат жетиле турган өсүмдүктөр. Бирок жакшы түшүм алуу үчүн айрым маселелерге дыкат көңүл буруу зарыл. Мисалы, бадыраңды 5-августка чейин сээп бүтүп, ал чыгып калышы керек. Ошондо ал сентябрь аягында биринчи түшүмүн берип калат. Күнөсканалар үчүн урук тандаганда гибрид өсүмдүктөргө басым койгон туура. Топурагы катпаш үчүн бадыраңды аз-аздан бат-бат сугарып туруу керек. Дагы бир жагдай, 40 пайыз топурак, 40 пайыз чиринди, 10 пайыз опилка жана 10 пайыз кумдан турган топуракка отургузуу шартка ылайык. Ал эми помидор да ушундай эле аралашмага себилгени менен аны каныктырып, 5-10 күндө бир жолудан сугарган туура болот", — деди Эргешова.

Адис бадыраң 14-16 градус жылуулукта, ал эми помидор 10-12 градуста өнүп чыгарын кошумчалады.

45
Белгилер:
түшүм, дезинфекция, күнөскана
Тема боюнча
Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес
КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов

Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу

60
КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов коронавирустун биринчи толкунунан кийин РФте эмгек мигранттарга талап күч экенин маалымдады.
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу

Мигранттар туугандарын жана тааныштарын сатып алган үйүнө каттата алат. Бул тууралуу Майрамбек Бейшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттарга жеңилдик берген бир катар мыйзамдар ишке кирүүдө.

"Мигранттардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Алсак, мигранттар кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, ага туугандарын жана тааныштарын каттоого тургуза алат. Мындан тышкары, Россияда иш берүүчүлөрдүн электрондук порталы түзүлөт. Ал эмгек мигранттарына ошол аркылуу жумушка орношууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул демилге 2021-2022-жылда ишке ашып калуусу күтүлүүдө. Ал аркылуу Кыргызстанда туруп эле иш берүүчү менен байланышып, жумушка орношо алат", — деди Бейшенов.

Ошондой эле ал учурда мигранттарга Россиянын жарандыгын алуу үчүн өз өлкөсүндө жарандыктан чыгуунун кажети жок болуп калганын кошумчалады.

60
Белгилер:
коронавирус, Россия, миграция, Майрамбек Бейшенов
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттарга иш табуу жеңил болгон Россиянын аймактары
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөнов

Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат

38
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөнов жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алышарын айтты.
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат

Инструктаж башталардан бир саат мурун жумушка келебиз. Бул убакытта медициналык кароодон өтүп, пульс жана кан басым өлчөнөт. Алкоголго да текшерилип, баары жайында болгондо гана жумушка киришебиз. Бул тууралуу Канат Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жүздөгөн адамдын жашоосу бир нече адистен көз каранды болгондуктан авиадиспетчер кесиби жоопкерчилиги чоң жумуш болуп эсептелет.

"12-апрель - космонавттар күнү төрөлүп, атым Канат деп да коюлганы бул кесипти тандоомо кандайдыр бир түрткү болгон. Кичинемден бери космонавт болом деп кыялдандым. Убакыттын өтүшү менен приоритеттер да өзгөрдү. Ошентип космонавтикага жакын авиация тармагын, анын ичинен авиадиспетчер кесибин тандадым. Алгачкы күндөрү жоопкерчиликти жон териң менен сезип, үн титиреген учурлар болгон. Бизде тандоо өтө катаал. Начар окугандардын 99 пайызы өздөрү иштөөдөн баш тартышат. Алсак, мен окуган учурда 20 студент болсок, анын 10у гана өз кесиби менен иштеп жатат. Бул адистикке тапшырып жаткандар медициналык комиссиядан, кесиптик-психологиялык жарактуулук сынагынан (ВЛЭК) өтүшөт. Окуу жайды бүткөндөн соң англис тили сертификатын алабыз. ICAO эл аралык уюмдун талабына жараша диспетчер тилди төртүнчү деңгээлде билиши керек. Андан кийин "Кыргыз аэронавигация" мамлекеттик ишканасына барып стажировкадан өтөбүз. Мына ошол жерден айдоочулук көбүлүк алгандай эле авиадиспетчер деген күбөлүк алабыз. Ансыз эч ким диспетчер болуп иштей албайт. Ал эки жылдык мөөнөткө берилип, ар эки жыл сайын жогорудагы айтылган талаптарды жаңылап турабыз. Бизде бул кесипке Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда гана окутат. Ал эми айрымдары Алматыдагы академиядан, Красноярск, Санкт-Петебургдагы окуу жайлардан окуп келишет", — деди Төлөгөнов.

Ал 2016-жылы Дача Суга учак кулаганда пультта отурбаганы менен нөөмөттө болгонун жана диспетчерлер так иштегендиктен, териштирүү учурунда аларга эч кандай доо коюлбагандыгын кошумчалады.

38
Белгилер:
аэродром, учак
Тема боюнча
Украинада кулаган учактан аман калган курсант окуя кандай болгонун айтып берди
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду