Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: кен байлыктарды электрондук аукционго коюу колго алынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев. Архив
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кен казуу үчүн берилген лицензиянын баасы жогору болушу керектигин айтты.
Сагынбаев: кен байлыктарды электрондук аукционго коюу колго алынууда

Кен байлыктарды иштетүүгө берилген лицензияларды электрондук аукцион аркылуу сатуу колго алынат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки лицензияларды аукцион жана сынак аркылуу сатуу өзүн жарым-жартылай актаган.

"Өлкөнүн тоо-кен байлыктары арзан кетпеши керек. Ошондуктан алардын баштапкы наркын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу максатында атайын электрондук аукцион программасы иштелип чыгып жатат. Эгерде аталган программа толук кандуу иштеп баштаса кен байлыктардын баасын, сапатын жана башка маалыматтарды чет өлкөдөгү инвесторлор онлайн көрө алат", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү кен байлыктарды иштетүүнү жөнгө салууда күмүш жана жезди иштетүүгө лицензия берүү үчүн мораторий киргизилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0