Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: Түркиядагы мигранттар ошол жактан пенсия, жөлөк пул ала алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга ошол мамлекеттен пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн айтты.
Мукамбетов: Түркиядагы мигранттар ошол жактан пенсия, жөлөк пул ала алышат

Түркияда иштеп жүргөн мекендештерибиз эми ал мамлекеттен пенсияга чыгып, зарылчылык жаралган учурда жөлөк пул да ала алышат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган келишим ушул жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирди.

"Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге ылайык, эми ал жакта иштеп жүргөн мекендештер жаш курагы жеткенде расмий түрдө пенсияга чыга алышат. Ошондой эле иштеп жүргөн учурунда кош бойлуу болуп калса же башка бир зарылчылык жаралса, жөлөк пул да чегерилет. Аталган мыйзам ушул жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирди. Учурда жаш курагы жеткен эмгек мигранттары пенсияга документтерин тапшырып жатышат. Келишимдин аткарылышы Түркиянын ички мыйзамдарынын негизинде ишке ашат", — деди Мукамбетов.

Ал ошондой эле Түркиядан пенсия, жөлөк пул алып иштөө үчүн жумушка расмий түрдө кирүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0