Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: босогону "астана" деп колдонууга болот

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосун жайылтуу жаш баладан бийлик өкүлдөрүнө чейин милдет болушу зарылдыгын белгиледи.
Талантбеков: босогону "астана" деп колдонууга болот

"Астана" деген сөздү босого, кире бериш деген мааниде колдонсок болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, учурда көптөр "астана" деген сөздү мурдагы Акмола, учурдагы Нур-Султан шаарынын буга чейинки аталышы менен байланыштырышат.

"Манаста" астана тууралуу көп айтылат. Бул сөздү азыр өзүнүн маанисинен мурда көбүнчө учурдагы Нур-Султан шаарынын мурдагы аталышы катары кабылдайбыз. Себеби күнүмдүк турмушта бул аталышты көп кездештиребиз. Чынында Манаста "астана" босого, кире бериш деген маанини берип, калаа катары дагы айтылган жери бар. Маселен Сары-Аркадагы казактардын окуясында Манас баш болгон кыргыз бектери Ала-Тоону душмандардан бошотуп жүргөндө казактардын Көкчөсү кытай, калмактар менен кармашканы баяндалган. Ошол жерде шаардын босогосу, тоонун жылгасынын, капчыгайдын оозу, кире бериши катары астана деп колдонулат", — деди Талантбеков.

Манасчы эпосту ээлеп, менчиктеп албастан аны жайылтууда боордош элдерди дагы аралаштыруу туура деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0