Жогорку Кеңештин негизги эки функциясы бар — мыйзам чыгаруу жана ал мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө. Тилекке каршы, биздин парламент экинчи милдетин так аткара албай келет. Мындай пикирин Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Анын билдиришинче, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармакка тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын анализдеп, даяр болгон докладды Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Документте 2015-2019-жылдар аралыгы камтылган.
"Жогорку Кеңештин негизги эки функциясы бар — мыйзам чыгаруу жана иштеп жаткан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу. Тилекке каршы, парламент экинчи милдетин так аткарбай келет. Буга каражаттан тарта башка да көптөгөн себептер бар. Андыктан кабыл алынып жаткан мыйзамдардын кандай иштеп же иштебей жаткандыгы боюнча маалыматтар шайлоочулардын же ошол бир аймактын айыл өкмөт, мэринин деңгээлинде гана депутаттарга жетип жатат. Мындан натыйжалуу жыйынтык чыкпайт. Ал эми биздин докладда, изилденип жыйынтыгы так көрсөтүлгөн маалыматтар, так сандар айтылган. Мисалы, төрт жыл аралыгында эле 34 айылдык, шаардык кеңеш тарап кеткен. Алардын 29у айыл өкмөтүн же мэрди шайлай албагандыгынан өзүн-өзү таратууга мажбур болгон", — деди Орозбаев.
Ал мындай докладдар өзгөчө мандатты жаңы алган эл өкүлдөрү үчүн даяр материал болуп берерин кошумчалады.
Баткен облусунда 50 гектардан ашык жерден 150 килограммдан ашуун авиациялык бомба табылып зыянсыздандырылды. Бул тууралуу Ислам Кошкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1960-80-жылдары Ак-Турпакта авиациялык полигон болуп, машыгуулар жүрүп турган.
"Эгемендүүлүк алгандан кийин инженердик аскерлер көптөгөн иштерди аткарууга жетишти. Пандемия учурунда калктуу аймактардан четине жана шаарлардын ичине коюлган блок-постторду жабдуу жана орнотууну колго алды. 2018-жылы Баткен облусунун Ак-Турпак айылында алты айдан ашуун убакытта жарылбай калган 50дөн ашуун авиациялык бомбаны залалсыздандыруу иштери аткарылды. 50 гектардан ашуун аймак тазаланып, ал жер айдоого берилди. Башкача айтканда, мунун арты менен айыл чарбасынын өсүшүнө салым кошулду. Көчмөндөр оюндарында тийиштүү инженердик жабдуулар менен камсыздап, элдин коопсуздугун сактоого көмөк көрсөтүлдү. Бул иштер УКМК менен биргеликте жүрдү. Ошондой эле Баткен коогалаңында инженердик аскерлер өз функциясын жана милдеттерин кынтыксыз аткара алышты", — деди Кошкеев.
Полковник, мындан тышкары, ар бир аскердик окутуу инженердик аскерлердин катышуусу менен гана өтөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2008-жылдан тарта 21-январда Кыргыз Республикасынын инженердик аскери өзүнүн кесиптик майрамын белгилеп келет.
Былтыр 63 миллиард сомго чукул салык, 33 миллиард сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын январынан тарта Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функциясы Салык кызматына өткөрүлүп берилген.
"Салык кызматы былтыр республикалык бюджетке 62 миллиард 958 миллион сом салык жыйнап, белгиленген планды 100,2 пайызга аткарган. Башкача айтканда, пландалгандан 107,3 миллион сомго көп чогултулган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 324,7 миллион сомго көп. Кошумчалай кетүүчү жагдай, пандемияга байланыштуу Салык кызматынын планы үч миллиард сомго жогорулатылган. Муну эске алып салыктар ашыгы менен топтолду. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 33 миллиард 190,8 миллион сом чогултуп, белгиленген план 100,5 пайызга аткарылды. Бул 163 миллион сом ашыгы менен чогултулганын билдирет", — деди Сазыков.
Ошондой эле ал салык формалары менен камсыздандыруу төгүмдөрүн бириктирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 118 киши жуктурду, ал эми 155 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан 83 703 кишиден коронавирус аныкталган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Айыккандардын жалпы саны 79 664 болду.
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.Стационарда 697 дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандырарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 017 бейтап бар.