ШИИБдин карамагындагы мыйзам бузган жарандарды 48 саат кармоочу жайда 30 адам пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган 30 адамга медициналык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү курч турат.
"ИИМдин ШИИБине караштуу убактылуу кармоочу жайы 60 адамга ылайыкташкан. Бирок анда учурда 100 адам бар. Алардын 30унан пневмония аныкталган. Вирустук диагноз менен СИЗОго да алынбай, кадимки жарандык ооруканаларга да кайрыла алышпай, начар шартта отурушат. Керектүү медикаменттер жетишсиз, болгону бир фельдшер иштейт. Сыз, тар жерде отурган бул адамдардын ден соолугуна көңүл буруп, абалды жөнгө салуу үчүн биз коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабга кайрылуу жиберебиз", — деди Көлөпов.
Ал адам өлүмү каттала электе ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын кошумчалады.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында зер буюмдардын экспертизасынын жыйынтыгын эки тараптуу таануу колго алынууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер зер буюмдардын рыногун өнүктүрүүгө шарт түзөт.
"Бизде асыл таштар үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Натыйжада зер буюмдардын наркы кымбатка түшүп, атаандаштыкка туруштук берүү оор болуп жаткан. Мындан улам зергерлер бирикмелери тарабынан бул багытта иш жүрүп, асыл таштарды алып кирүүдө бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул зер буюмдарга баанын арзандашына, кошумча жумуш ордун түзүүгө, көбүрөөк салык төлөөгө өбөлгө болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын үлгүсүнөн экспертизасы ЕАЭБдин алкагында таанылбай келген. Жыйынтыгында ал өлкөлөрдө сатуу үчүн кайрадан экспертиза талап кылынчу. Эми улуттук экспертиза ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттерде таанылып, кабыл алына баштайт", — деди Акматов.
Ишкер мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилсе бизнес өнүгө аларын кошумчалады.
Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.
Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.
Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.
Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.
Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.
Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.
Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.
РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.
Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.
Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.
Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.
Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.
Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту: