Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан фитосанитария багытын айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, аталган тармак министрликке өтсө андагы коррупциялык элементтерди жоюп, ишти иретке келтирүүгө министрге бир жума убакыт жетиштүү.
"Бир эле нерсени мисал кылып кетейин. Кыргызстандан расмий түрдө сыртка жылына 5000 тонна жүгөрү чыгарылса, контрабандалык жол менен 500 миң тонна сатылып кетет экен. Муну мага жүгөрү өстүргөндөр өздөрү айтышты. Биз айрым продукциялардын ЕАЭБден башка мамлекеттерге сатылуусуна убактылуу тыюу салдык. Анда жүгөрү дагы бар. Алар келип мындай маалыматты айткан соң эми жүгөрүнү бул тизмеден чыгаралы деп турабыз. Анткени үчүнчү мамлекеттерге сатууну пландаштырып алган дыйкандар жабыркап калышат экен. Ошондуктан фитосанитардык көзөмөл милдетин биздин министрликке өткөрүү керек. Эгер өкмөт бул ишти бизге тапшырса бир жумада тармакты иретке келтирип коюуга сөз берем. Аталган убакытта ишке ашыра албасам мени жумуртка менен чабышсын", — деди Токтогазиев.
Министр ача туяктууларды башка мамлекеттерге сатууга убактылуу салынган тыюунун башкы максаты сыртка чыгарылып жаткан ургаачы малдардын санын азайтуу болгондугун кошумчалады.
Сценарий күчтүү болгону менен кино жаман чыгып калышы мүмкүн. Ал эми сценарий жаман болсо, тасманын мыкты болушуна таптакыр шанс жок. Ошондуктан чыгарманын маанисине тыкыр көңүл бөлүнүп, мазмуну 11 ай жазылды. Бул тууралуу Саламат Иманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сериалдын тартылышына ИИМ көмөк көрсөтүп, көпчүлүк бөлүгүндө чыныгы окуялар чагылдырылган.
"Тасманын автору мен, режиссёру Насирдин Кудайбердиев, со-продюссер Баатыр Батиков болуп 2019-жылы сериал тартып баштадык. Бизде медицина, билим берүү жана милициянын жумушу эң көйгөйлүү тармак экен. Ошентип биздин милициянын абалын чагылдырууну чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө бул кесиптин ээси болуш сыймык. Алардын айткан сөзүн угуп, эл сыйлайт. Ал эми бизде таптакыр тескери. Акыркы учурда аларга болгон ишеним, урмат жоголду. Тартип сакчылар коомдук тартипти сактап, кылмыштын бетин ачып, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп жатса, биз аларды жек көрөбүз. Биздин долбоордун максаты - милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу жана жакшы ниет менен ант берип, погон тагынган кызматкерлер эли үчүн ак иштеп берүүсүнө түрткү болуу. Долбоордун соңунда калк арасында милиция тууралуу башкача ой калыптанып, келечек муун дагы бул кесипти жакшы көрүп калат деген ишеничтебиз. Кинокартина 12 сериядан туруп, хронометражы 40 мүнөттөн узак. Менимче, Кыргызстанда мындай жанрдагы масштабдуу сериал мурда тартылган эмес", — деди Иманов.
Ал аталган сериалдын тартуу иштеринин жарымынан көбү тартылып бүткөнүн, февралдын ичинде коомдун назарына коюларын кошумчалады.
Учурда дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистен өзгөчө батыш мамлекеттери жабыркап жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин Кытай мамлекети менен болгон алакасы уюмга кризистен чыгууга жакшы көмөкчү болуп бере алат.
"Дүйнөдө 2019-жылдан тарта бир нече убакытка созулган экономикалык кризис болору мурдатан эле айтылып келген. Бирок ал кезде пандемия тууралуу сөз жок эле. Андыктан азыр башыбыздан кечирип жаткан тартыштыкты коронакризис деп атоо туура эмес болуп калат. Вирустун жайылышы жөн гана ушул алдын ала божомолдонгон каржы тартыштыгынын себеби катары каралып калды. Кандай болгон күндө да бул кризистен батыш өлкөлөрү өзгөчө жабыр тартып жатат. Ал эми ЕАЭБге келе турган болсок, уюм анчейин деле чоң жоготууларга учурабай, сезилерлик экономикалык секириктерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар жана мындан колдонот деп ойлойм. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз мамлекет Кытай деп аталды. ЕАЭБдин бул өлкө менен алакасы бекем. Андыктан биримдик менен Кытай эки тарапка тең пайдалуу боло турган аракеттерди ишке ашырат", — деди Бактыгулов.
Серепчи ЕАЭБди келечеги кең уюм деп кошумчалады.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.