Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошев: Таласта тарыхый жай көрүстөнгө айланып кетиптир

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист управления по охране культурного наследия Минкультуры КР Чынарбек Жолдошев
Главный специалист управления по охране культурного наследия Минкультуры КР Чынарбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев республика аймагында тагдыры чечиле элек тарыхый жайлар көп экендигин айтты.
Жолдошев: Таласта тарыхый жай көрүстөнгө айланып кетиптир

Талас облусунда тарыхый жай көрүстөнгө айланып бара жатат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик октябрь айында атайын бир жумалык экспедиция менен тарыхый жайларды кыдырган. Анда алыскы аймактарда жайгашып, мурда анчейин көңүл бурулбаган жерлерге басым жасалган.

"Бир жумага созулган экспедициябызда республиканын алыскы, тоолуу аймактарында жайгашып, изилдөө иштери жүрө элек тарыхый жайларды көрүп келдик. Анын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө тарыхый эстелиги бөтөнчө көңүлүбүздү бурду. Анткени бул жерде биздин замандын VI –XIV кылымдарына таандык байыркы Талас шаарынын калдыктары жаткан 30 гектардай жер табылды. Тилекке каршы, анын бир гектардайы көрүстөнгө айланып, тургундар жергиликтүү бийликтин тыюу салганына карабай мүрзө катары колдонуп жатышыптыр", — деди Жолдошев.

Тарыхчы Ак-Дөбө тарыхый баалуу жайы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, келечекте ачык асман алдындагы музейге айландыруу аракети көрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0