Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунан тамактануу боюнча дагы маалыматтарды алса болорун белгиледи.
Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

Таңкы тамактануу "нанүштө", түшкө маал тамак ичүү "түштөнүү", ал эми кечки курсак тойгузуу "жагына" деп аталат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, мындай сөздөр эпосто колдонулуп, ал тургай кандай тамактануу туура боло турганы айтылган.

"Көбүнесе тамактанууну эртең мененки, түшкү жана кечки деп бөлүп айтылып жүрөт. Айрым учурда бул дагы колдонулбай "завтрак, обед, ужин" делип орусчасы колдонулууда. "Манас" баянында таңкы тамактануу "нанүштө" делип, анда жеңил-желпи тамак желген. Ал эми "түштөнүүдө" абдан күчтүү тамактануу зарылдыгы белгиленген. Ошол эле эпосто кечки курсак тойгузуу "жагына" делип, ал өтө кечке калтырылбастыгын аңдасак болот", — деди Талантбеков.

Манасчы эпостогу көөнө сөздөрдү колдонуп аны коомго жайылтуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0