Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела мониторинга загрязнения атмосферного воздуха Кыргызгидромета Бегаим Алипова
Начальник отдела мониторинга загрязнения атмосферного воздуха Кыргызгидромета Бегаим Алипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипова Бишкекте мезгилге карабастан атмосферанын булганышы дайыма нормадан ашык болорун айтты.
Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун алкагында Кыргызгидромет Азия өнүктүрүү банкы менен меморандум түздү. Ага ылайык, Бишкектин бардык аймагында абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулганы жатат. Долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке ашып калат деген үмүттөбүз. Бул тууралуу Бегайым Алипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте жаан жаап, катуу шамал болгондо атмосферада кармалган кир заттар таркап, аба тазара түшөт.

"ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттиги 1970-жылдан бери атмосферанын булгануусуна байкоо жүргүзүп келет. Азыркы учурда абанын нормасын текшерген жети стационардык станция Бишкек шаарынын ар кайсы жеринде жана бир автоматтык станция шаардын түштүк-батышында жайгашкан. Борборубузда абанын булганышы мезгилге карабастан дайыма нормадан ашык болуп келет. Бирок кышында атмосфера андан да көбүрөөк булганат. Мисалы, айдын башында кирдетүүчү заттар суткалык нормадан орточо 1,5-5 эсе жогору болгонун байкадык. Негизи абанын булганышына байкоо Кыргызстандын беш шаарында жүргүзүлөт. Анын ичинен эң кири — борбор калаабыз. Ал эми калаанын чок ортосунун абасы өтө кир. Биздин изилдөөлөрдү мамлекеттик муниципалдык жана башка мекемелерге таратабыз. Ушул жылдын күз мезгилинен баштап тесттик режимде абанын булганышын божомолдоо аракети көрүлүп баштаган. Азыр синоптиктерибиз күндүн табы, шамалдын ылдамдыгынан сырткары күн сайын абанын тазалыгы тууралуу да маалымат берип жатышат", — деди Алипова.

Ал meteo.kg сайтына атмосферанын булганышы боюнча маалымат күнүгө саат 10.00дө жана 16:00дө чыгып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0