Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: быйыл берилген насыянын жалпы көлөмү 160 млрд. сомду түздү

© Sputnik / Асель СыдыковаОфициальный представитель НБКР Аида Карабаева
Официальный представитель НБКР Аида Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева коронавируска байланыштуу экономикалык каатчылыкка карабастан өлкөдө насыя алуу өсүп жатканын айтты.
Карабаева: быйыл берилген насыянын жалпы көлөмү 160 млрд. сомду түздү

2020-жылдын 1-ноябрына карата берилген насыялардын жалпы көлөмү 160 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу кредит берүү тогуз пайызга өскөн.

"2020-жылдын 1-ноябрына карата берилген насыялардын жалпы көлөмү 160 миллиард сомду түздү. Өндүрүшкө берилген насыя 17 пайызга өскөн. Ошондой эле айыл чарбасына, соода-сатыкка, курулушка жана башка тармактарга банктар тарабынан берилген насыя мурдагыдай эле улантылууда", — деди Карабаева.

Улуттук банктын расмий өкүлү 2020-жылдын 1-январына карата берилген насыялардын жалпы суммасы 146 миллиард сомдун тегерегинде болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0