Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турганбаева: карантинден улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 65%га өскөн

© Sputnik / Асель АкматалиеваРуководитель отдела по выплате компенсаций и пособий минсоцразвития КР Айкол Турганбаева
Руководитель отдела по выплате компенсаций и пособий минсоцразвития КР Айкол Турганбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөлүк зомбулукту координациялоо жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Турганбаева карантиндин натыйжасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтты.

2020-жылдын 10 айында 7669 зордук-зомбулук катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Турганбаева: карантинден улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 65%га өскөн

Анын айтымында, карантинден улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 65 пайызга жогорулап кеткен.

"Карантин мезгилинде үй-бүлөлүк кысым абдан өстү. Мурда мындай учурлар катталбаган үй-бүлөлөрдө дагы бул көрүнүш кездеше баштаганы байкалды. Экономикалык-социалдык кризистер дагы өз таасирин тийгизбей койгон жок. 2020-жылдын 10 айында 7669 зордук-зомбулук катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн. 25-ноябрдан 1-декабрга чейин зордук-зомбулукту токтотууга багытталган 16 күндүк акция жүрдү", — деди Турганбаева.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу максатында Жазык-процесстик кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү ЖКнын депутаттары тарабынан демилгелегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0