Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үкүбаева: Толгонайдын образы бүтүндөй энелердин эталону катары сүрөттөлгөн

© Фото / из личного архива Лайли УкубаевойПрофессор Лайли Укубаева
Профессор Лайли Укубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева Чыңгыз Айтматовдун каармандары кыргыз элинин иденттүүлүгүн чагылдырганын айтты.
Үкүбаева: Толгонайдын образы бүтүндөй энелердин эталону катары сүрөттөлгөн

"Саманчынын жолундагы" Толгонайдын образы бүтүндөй энелердин символу, эталону катары сүрөттөлгөн. Чыңгыз Айтматовдун бул каарманы аркылуу кыргыз аялдарынын күчтүүлүгүн, боорукерлигин чагылдырып, дегеле адамзат тынчтыкта жашай алабы деген суракты салган. Мындай пикирин Лайли Үкүбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, "Кылым карытар бир күндөгү" Эдигейдин, "Гүлсараттагы" Танабайдын каармандары өзүнүн ойлору менен маанилүү. Ошондой эле "Тоолор кулагандадагы" Арсен Саманчиндин образында коомдун учурдагы көйгөйлөрү чагылдырылган.

"Чыңгыз Айтматовду изилдөөчү болгондугум үчүн анын бүт каармандары мага жакын. Айрыкча "Саманчынын жолундагы" Толгонайдын образы бөтөнчө жакын десем болот. Анткени бул каарман бүтүндөй энелердин символу, эталону катарында сүрөттөлгөн. Ал кыргыз аялдарынын күчтүүлүгүн, боорукерлигин, күрөшчүлдүгүн чагылдырып, автор анын образы аркылуу "адамзат тынчтыкта жашай албайбы" деген чакырыкты берген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары улуттук турмушубуздун негизинде, ар кандай мезгилдерде кыргыз элинин башынан өткөргөн коомдук-социалдык маселелер жөнүндө жазылган. Ошондуктан ар бир окурман залкар жазуучубуздун чыгармаларынан өзүнүн тагдырын, кандайдыр бир деңгээлде кыргыз элинин иденттүүлүгүн көрө алат. Көйгөйлөрүбүз, кубанычтарыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында. Ошондуктан анын чыгармалары баарына түшүнүктүү жана ар бир окурманды толгонто турган ойлор жатат", — деди Үкүбаева.

Профессор Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы ар бир сүрөттөөнүн артында боорукерлик, тазалык, адамгерчилик, анан ар дайым адам болууга умтулуу деген чакырыктарды камтыган гуманисттик идеялар жата турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0