Кол өнөрчүлүк — хоббим. Кийизден, кооз таштардан, түстүү кагаздардан элде жок түрдүү буюмдарды жасаганды жактырам. Кичинемде атам чий куурчак тууралуу көп айтып, жасап да берчү. Кийин өзүм оюнчук катары ойноп жүргөн чий куурчагымды эстеп чий алып келип, азыркы жаңы стилге салып жасап көрдүм. Бул тууралуу Айдай Мусабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 5-6 автордук сүрөтү бар жана алгачкы "Башталыш" көргөзмөсүндө 45тей сүрөт коюлган.
"Айылдагы мектепте 8-класска чейин билим алып, кийин Бишкек шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт мектебинде төрт жыл билим алдым. Учурда Кыргыз-орус славян университетинин архитектура бөлүмүндө окуп жатам. Ата-энем бардык жактан колдоп, дайыма дем, күч берип, кубаттап турушат. Негизи сүрөт тартуу жашоомдо чоң роль ойнойт. Эргүү келген учурда ойго батам, башка ишке көңүл бөлгүм келбейт. Аябай берилгенде бардык нерсени унутуп коём. Айрым учурда ойлонуп кетип кыл калемимди майга малам деп чайга салып алган учурлар болот. Жакшы сүрөт жаратыш үчүн оюңдун баары ошол сүрөттө болушу шарт. Азырынча бир багытты таба элекмин. Издегенимди табуу үчүн өзүмдү ар тараптан сынап келем. Учурда дүйнөлүк деңгээлдеги сүрөтчүлөрдүн эмгегин анализдөө, техникасын үйрөнүү, түшүнүү максатында нидерланддык сүрөтчү Винсент ван Гогдун "Звездная ночь", Ян Вермеердин "Девушка с жемчужной серёжкой", Эдвард Мунктун "Крик" деген сүрөттөрүн кайталап тартып көрдүм. Негизи аталган сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгына кызыгып, эмгегин баалайм", — деди Мусабекова.
Ал мугалимдердин берген баасы боюнча, сүрөткө түстөрдү мыкты берген артыкчылыгы, ал эми нерсенин көлөмүн так бере албагандыгы кемчилиги экенин кошумчалады.
Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле анын калыптануусуна, келечекте ар тараптуу адам болуп чоңоюп, ийгиликтерге жетүүсүнө таасир этет. Бул тууралуу Узара Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизде ата-энелер баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт.
"Учурда адамдар үй-бүлөдөгү ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышууда. Анын ичинен ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле чоң маселе бойдон калууда. Бул өз ара сүйлөшүүнүн жоктугунан, учурунда ата-эне бала менен убакыт өткөрбөгөндүктөн, бири-бирин толук тааныбагандыктан келип чыгат. Баланын жөндөмдүүлүгүнө, кызыгуусуна жараша кесип тандоого, окууга шарт түзүү маанилүү. Ага сенин колуңдан келбейт деп айтуу келечекте ишенимсиз болуп калуусуна түрткү болот. Азыр чоң эле кишилер ушундай маселесин айтып кайрылышат. Себеби кичинесинде ага ата-энеси ишеним арткан эмес. Жаш куракты эске алып, чоңдор өзгөчө өспүрүм балага маани бериши зарыл. Ошондой эле баланы ага эч кандай шарт койбой эле сүйүүгө үйрөнсөк. Анын сабактан "беш" алганы, жардам бергени же башка иш кылганы үчүн жакшы көрбөшүңөр керек. Сүйүүнү сезген бала мээримдүү, ата-энесинин айтканын эки кылбаганга аракет кылат. Айрым учурда "элдин балдары" менен салыштырышат. Башкалар менен салыштыруу баланын өзүнө болгон баанын төмөндөшүнө, күчүнө ишенбешине алып келет", – деди Мамытова.
Психолог бала ата-энеге сунуш менен кайрылса "жөн эле кой, болбойт же кыла албайсың" дебестен туура жол көрсөтүп, башка варианттарды айтуу керектигин кошумчалады.
ЕАЭБдин алкагында сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда атмосфераны булгаган сапатсыз майды көмүскө ташып келүү уланууда. Бул тууралуу Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Европада сапаттуу күйүүчү майды колдонуу менен атмосферага күкүрттүн, азот оксидинин бөлүнүп чыгуусу 97-98 пайызга чейин кыскарган.
"ЕАЭБдин алкагында сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган. Кыргызстан дагы бул багыттагы тийиштүү документтерге 2015-жылы эле кол койгон. Бирок биздин бийлик учурунда экономикалык абалды эске алуу менен сапаттуу күйүүчү майды колдонууну убактылуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Ошондо 48 айга өткөөл мезгил берилген. Натыйжада 2019-жылдын 12-августунан тарта техникалык регламент күчүнө кирип, сапатсыз күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынган. Ошого карабастан ыплас иш менен алектенгендер аткезчилик аркылуу сапатсыз күйүүчү майды дагы деле алып кирип жатышат. Анын атмосферага тийгизген терс таасири күчтүү. 1999-жылы класстык күйүүчү май чыкканда, евро 2 дегени пайда болгон. Ал май К2 деп айтылат. Муну колдонгон бир автоунаадан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар К5 классындагы май куюп жүргөн 50 автомобилдикине тете", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал эски автоунааларга сапаттуу күйүүчү майды колдонуу натыйжа бербейт деген пикир жаңылыш экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.