Лыжа тебүү боюнча машыктыруучу Канат Мурзабек уулу

Мурзабек уулу: лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткандар базаны туура тандашы керек

103
Лыжа тебүү боюнча машыктыруучу Канат Мурзабек уулу лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткандар ыңгайлуу кийим жана туура лыжа шаймандарын тандоосу зарыл экенин айтты.

Даярдыгы жок лыжа тепкени тоого баргандардын көбү ар түрдүү жаракаттарды алышат. Бул тууралуу Канат Мурзабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзабек уулу: лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткандар базаны туура тандашы керек

Анын айтымында, үйрөнчүктөр негизги эрежелерди өздөштүрүп алуу үчүн инструктордун кызматын алганы жакшы.

"Лыжа тебүү менен төрт жаштан баштап машыга берсе болот. Албетте, эң негизгиси коопсуздук. Ал үчүн иреттүү кадамдарга көңүл бурушубуз керек. Коопсуздук биздин шыгыбыздан, көңүлүбүздөн да көз каранды. Мисалы, лыжа алганда аны ижара берген адиске кайрылып, адамдын салмагына, коопсуздугуна карап ылайыктап алса болот. Кийимге да көңүл буруп, суук тийип калбашы үчүн туура куртка, кол кап, башка шлем алыш керек. Колдон келсе башында машыктыруучу менен чыккан оң. Анткени ал сиздин деңгээлиңизге жараша тоо лыжа базасына алып барып, баштапкы көнүгүүлөрдөн тарта үйрөтөт. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Эгерде машыктыруучу жалдаганга мүмкүнчүлүк болбосо интернет аркылуу тиешелүү видео курстарды көрүп, жок дегенде таанышып койсо жакшы болот. Анткени лыжа тебүү жаракат алып калуучу спорттун түрү", — деди Канат Мурзабек уулу.

Ошондой эле машыктыруучу лыжа тебүүгө кызыккан жөнөкөй жарандар акыркы жылдары күн санап өсүп жаткандыгын кошумчалады.

103
Белгилер:
машыктыруучу, лыжа
Тема боюнча
Дарыгер кышкы депрессиядан арылуунун жолун айтып берди
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

13
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова учурда жаштар арасында кандай темадагы китеп окуурун билбеген, жашоодогу багытын издегендер көбөйгөнүн айтты.
Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.

"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.

Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.

13
Белгилер:
бизнес, жаштар, билим, китеп, нускама
Тема боюнча
Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды
Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев

Абдиев: "Жер-Үй" боюнча инвестор менен калктын ортосунда диалог болду

8
(жаңыланган 11:19 19.01.2021)
Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев "Жер-Үй" кенинде жаңжалдын чыгуусуна эмне себеп болгонун айтып берди.
Абдиев: Жерүй боюнча инвестор менен калктын ортосунда диалог болду

"Жер-Үйдөгү" чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.

"Жер-Үйдөгү" чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог жүрдү. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар "Жер-Үйдүн" жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.

Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.

8
Белгилер:
калк, инвестор, ишкерлик
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Түндө жана таңда чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алды

0
(жаңыланган 11:53 19.01.2021)
Адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган. Учурда өрттүн себептери такталууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.

"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", —  деп айтылат маалыматта.

ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.

0
Белгилер:
түтүн, Чүй облусу, Бишкек, кырсык, өлүм, өрт
Тема боюнча
Өзгөн: клиникадагы өрт. Бир адам ооруканага түшүп, 11 кишини алып чыгышты