Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамырканов: жумуртканы маркалоону коомчулук колдобой жатат

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуКанаттуулар чарбасы ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мамырканов
Канаттуулар чарбасы ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мамырканов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаттуулар чарбасы ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мамырканов өлкөдө өндүрүлгөн жумурткалар ички рыноктун 40-50 пайызын гана камтый ала тургандыгын айтты.
Мамырканов: жумуртканы маркалоону коомчулук колдобой жатат

Жумуртка бизнесиндеги импортту иреттөө жана сапатын арттыруу максатында маркалоо маселесин көтөрүп жатабыз. Бирок азырынча муну коомчулук колдобой келет. Бул тууралуу Эрмек Мамырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сырттан кирген канаттуу эти жана жумуртка көбүнесе контрабанда жолу менен алынып келет.

"Канаттуу эти жана жумуртка менен ички рыноктун талабын жергиликтүү өндүрүүчүлөр толук камсыздай алышпайт. Коронавирус пандемиясына чейин 60 пайыздай болсо, тилекке каршы, учурда жергиликтүү суроо-талаптын 40-50 пайызын гана канааттандырып келебиз. Анткени өлкөдө ири канаттуу фабрикалары жок. Жаңыдан ачылуусу мерчемделип жаткандары да пандемияга байланыштуу токтоп калды. Ошондуктан элдин жумурткага болгон талабынын тең жарымы сырттан келген товар менен камсыздалат. Өз кезегинде бул багытта бир топ көйгөйлөр бар. Алсак, жумурткалардын качан өндүрүлгөнү, Кыргызстанга кайсы күнү киргени белгисиз бойдон келип, сатылып жатат. Бул сапатсыз товардын жайылышын шарттоодо. Мында контрабанданы токтотуу үчүн биринчи кезекте жумурткаларды маркалоо зарыл. Тилекке каршы, учурда маалыматтын аздыгынан сатып алуучулар мөөрү бар жумуртканы сапатсыз, фабриканыкы деп түшүнүп, мөөр коюлбаса үйдүкү деп жатышат. Чындыгында ал колдонуу убактысы өтүп кетпеген, жегенге жарактуу, мыйзам жолу менен келген продукция болуп эсептелет", — деди Мамырканов.

Ал үстүбүздөгү жылы жумуртка тармагында кошумча нарк салыгынан өлкө бюджетине 65 миллион сом түшкөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0