Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: салыктык текшерүүнү токтото туруу — көп ишкердин каалоосу

© Sputnik / Асель АкматоваЖаш ишкерлер ассоциациясынын регионалдык кеңешинин мүчөсү, ишкер Урмат Акматов
Жаш ишкерлер ассоциациясынын регионалдык кеңешинин мүчөсү, ишкер Урмат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ишкерлер ассоциациясынын регионалдык кеңешинин мүчөсү, ишкер Урмат Акматов бизнести текшерүүгө коюлган мораторийдин эффективдүүлүгүн билүү үчүн ишкерлерден сурамжылоо жүргүзүү керектигин айтты.
Акматов: салыктык текшерүүнү токтото туруу — көп ишкердин каалоосу

Салыктык текшерүүнү белгилүү убакытка токтото туруу — көп ишкердин каалоосу. Мындай пикирин Урмат Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнес жаатында мораторий киргизилип, ишкерлерди өкмөт тарабынан колдоо дүйнөлүк практикада да жакшы жыйынтыгын берип келет.

"Учурда COVID-19 илдетинин качан бүтөрү белгисиз болуп жаткан абалда бизнести текшерүүгө коюлган мораторийдин узартылышы ишкерлер үчүн жакшы. Бирок мындай мораторий менен гана чектелип калбаш керек. Башка да көмөктөр көрсөтүлүүсү талапка ылайык. Бул кадамды бир жолку аткарылчу, убактылуу иш катары кароо туура эмес. Себеби азыр өлкөдө ишкерликтин абалы абдан кейиштүү. Өзгөчө туризм тармагы, ресторан бизнеси катуу жабыркап турат. Бизнес азыр сезилерлик, баскыч-баскычы менен ишке аша турган колдоолорго муктаж. Ишкерлик тармагында кыйынчылык жаралса ал дароо эле чечилип кетпейт. Калыбына келүүсү үчүн көп убакытты, туура кадамдарды жана каражатты талап кылат", — деди Акматов.

Ошондой эле ишкер бизнес чөйрөсүн колдоого өкмөт тарабынан конкреттүү кадамдар керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0