Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Черикчиев: Россияга почта жөнөтүү 2000 сомдон 500 сомго чейин арзандайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель генерального директора ГП "Кыргыз почтасы" при ГРС Марат Черикчиев
Заместитель генерального директора ГП Кыргыз почтасы при ГРС Марат Черикчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун орун басары Марат Черикчиев ЕАЭБ алкагында почта кызматтарын интеграция кылуу боюнча иш-аракет жүргүзүлө турганын айтты.

Россияга почта жөнөтүүлөр учурда 2000 сомду түзсө, 2021-жылы 500 сомго чейин арзандайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Черикчиев: Россияга почта жөнөтүү 2000 сомдон 500 сомго чейин арзандайт

Анын айтымында, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Россиянын жана Армениянын почта кызматтары жана Евразия өнүктүрүү банкы менен келишим түздү.

"2021-жылы ушул үч өлкөнүн арасында жүк жөнөтүүлөр арзандайт. Мисалы, учурда Россияга почта жөнөтүүнүн наркы болжол менен 2000 сомдун тегерегинде болсо, бул кызмат 500 сомго чейин түшүрүлөт. Башкача айтканда, кыйла эле арзандайт. Буга утурлай эле электрондук коммерция боюнча транзиттик кызмат көрсөтүүлөрдү биргеликте жүргүзүү пландалууда. Мындан тышкары, Азия — Европа, Европа — ЕАЭБ, АКШ — ЕАЭБ деген почта кызматтарын ишке ашыруу каралган. Келе жаткан жылда жумушчу топтор түзүлүп, тийиштүү иш-аракеттер аткарылат. 2021-жылдын соңу менен бул долбоорлор толугу менен ишке кирет. Аталган долбоорго ЕАЭБге мүчө Беларусь менен Казакстан да кошулуусу ыктымал. Анткени алар эпидемиологиялык абалдан улам иш чарага катыша албай калышкан", — деди Черикчиев.

Ошондой эле ал Россия менен Кыргызстандын ортосунда почта аркылуу акча которуу мүмкүндүгүн берген PosTransfer системасы ишке киргенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0